Кытай Россия менен Украинанын ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдүн кайра жанданышын кубаттайт, бул эл аралык коомчулуктун биргелешкен аракеттеринин натыйжасы, деп Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы РИА Новости агенттигине билдирди.
“Кытай Россия менен Украинанын ортосунда түз диалогду жана сүйлөшүүлөрдү калыбына келтирүүнү эң башынан эле колдогон жана Россия менен Украинанын ортосундагы түз сүйлөшүүлөрдүн жакында кайра жанданышын кубаттайт”, – деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча комментарий берип.
Билдирүүдө бул эл аралык коомчулуктун ынтымакка жана сүйлөшүүлөргө көмөктөшүү жана тынчтык үчүн шарттарды түзүү боюнча биргелешкен аракеттеринин натыйжасы экени белгиленет.
Россия-Украина сүйлөшүүлөрү
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин Украинага алдын ала шартсыз 15-майда Стамбулда түз сүйлөшүүлөрдү жандандырууну сунуштаган. Путин тийиштүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетише аларын четке каккан эмес.
РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Россия узак мөөнөттүү тынчтык жолу менен жөнгө салуу жолдорун олуттуу издөөгө чечкиндүү. Анын айтымында, Украина менен сунушталган сүйлөшүүлөрдүн максаттары жаңжалдын түпкү себептерин жоюу жана Россиянын кызыкчылыгын камсыз кылуу.
Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү 15-майда күтүлүп, россиялык делегация Стамбулга келгени менен ал күнү эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн ортосунда эч кандай байланыш болгон жок. Эртеси 16-майда өткөн сүйлөшүүлөр дээрлик эки саатка созулду. Россиянын делегациясын жетектеген орус президентинин жардамчысы Владимир Мединский Украина менен 1000 туткунду 1000ге алмаштырууну жарыялады. Анын айтымында, Москва менен Киев алдыда ок атышпоо тууралуу өз көз карашын көрсөтүүнү макулдашты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө украин тарап мамлекет башчыларынын жолугушуусун өтүнүп, Россия муну эске алды. Мединский ошондой эле Россия Украина менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин билдирди.


















