Ватикан Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы болуп 69 жаштагы америкалык кардинал Роберт Фрэнсис Прево шайланганы жарыяланды.
Рим Папасы Кошмо Штаттардан биринчи понтифик Роберт – Лев XIV катары белгилүү болду. Аны дүйнөлүк лидерлер Ыйык Тактыга шайланышы менен куттукташууда.
Биринчилерден болуп куттуктагандардын сап башында БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш менен АКШнын президенти Дональд Трамп болду.
“Жаңы Рим Папасын шайлоо өзгөчө глобалдык оор сыноолор учурунда терең руханий мааниге ээ болгон окуя. Мен Бириккен Улуттар Уюму менен Ыйык Тактын ортосундагы акыркы жылдары Рим Папасы Франциск тарабынан бекемделген көп жылдык кызматташууну улантууну чыдамсыздык менен күтөм. Биз элдешүүгө көмөктөшүү жана бардыгы үчүн адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты куруу үчүн бирге иштешибиз керек”, – деп билдирди БУУнун баш катчысы өзүнүн расмий билдирүүсүндө.
Лев XIV деген ысым менен чиркөөнүн тарыхында биринчи америкалык понтифик болгон Рим Папасын АКШнын президенти Дональд Трамп да Truth Social социалдык тармагы аркылуу куттуктады.
“Папа болгон кардинал Роберт Фрэнсис Превостту куттуктайбыз. Анын америкалык биринчи папа экенин билүү чоң сыймык. Бул биздин өлкө үчүн абдан кубанычтуу”, – деп жазды Ак үйдүн башчысы.
Трамп жаңы Рим Папасы менен жакында жолугарына үмүттөнөрүн кошумчалаган.
Президент Владимир Путин жаңы Рим папасы Лев XIVдү шайланышы менен куттуктап, Орусия менен Ватикан ортосундагы конструктивдүү диалог жана өз ара аракеттенүү мындан ары да өнүгөрүнө ишеним билдирген.
“Рим папасы болуп шайланышыңызга байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле Польшанын президенти Анджей Дуда менен Италиянын премьер-министри Джорджия Мелони да өздөрүнүн социалдык тармактары аркылуу куттуктоолорун калтырышкан.
Ошондой эле Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Борбор Азия мамлекет башчыларынан ичинен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев католиктердин руханий лидери жаңы шайланган Рим Папасынын бул ыйык кызматка шайланышына байланыштуу куттуктоо каттарын жолдошту.
Эске сала кетсек, мурдагы понтифик Франциск ушул жылы 21-апрелдин таңында Ватикандагы резиденциясында каза болгон. Францисктин өз аты Хорхе Марио Бергольо. Ал 2013-жылы Католиктер чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланган.
Акыркы жолу понтифик эл алдында Пасха майрамдык салтанатына байланыштуу Ватикандагы Ыйык Петр аянтына чогулгандарга кайрылуу жасаган эле.
Хорхе Марио Бергольо 1936-жылы 17-декабрда Буэнос-Айресте төрөлүп, беш бир туугандын улуусу болгон.



















