Ирандын президенти Масуд Пезешкиан АКШ президенти Дональд Трамптын Рим папасы Лев XIVтүн дарегине айткан кемсинтүүчү сөздөрүн айыптады.
«Ирандын улуу элинин атынан сиздин Улуу урматтуулугуңузга карата айтылган кемсинтүүнү айыптайм жана тынчтык менен бир туугандыктын пайгамбары болгон Иса пайгамбарга шек келтирүү ар бир эркин адам үчүн кабыл алынгыс экенин билдирем. Аллах берген даңк сиз менен болсун», — деп Пезешкиан X социалдык тармагында жазды.
Трамп Рим Папасын катуу сынга алып, анын саясатына каршы чыккан понтификтин кереги жок экенин айткан. Трамптын айтымында, эгер ал Ак үйдө болбогондо, “Лео Ватиканда болмок эмес”.
Рим папасы буга чейин АКШнын Иранга карата аракеттерин сынга алган. Айрыкча, АКШнын иран элине карата коркутууларын кабыл алынгыс деп атаган. Апрель айынын башында АКШнын Коргоо министри Пит Хегсетти аскер кызматкерлер үчүн дуба кылууга чакыргандан кийин, папа өзүнүн насаатында үстөмдүк кылууга умтулуу Иса пайгамбардын жолуна туура келбейт деп билдирген.
Рим папасы Лев XIV АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясынан коркпой турганын жана америкалык лидер менен талашып-тартышууга барууну көздөбөй турганын билдирген.


















