Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ирандын президенти Масуд Пезешкианга куттуктоо телеграммасын жөнөттү.
Бул тууралуу Акорданын маалымат кызматы билдирди.
“Касым-Жомарт Токаев Масуд Пезешкянды Ирандын улуттук майрамы – Ислам революциясы күнү менен куттуктады. Казакстандын президенти эки тараптуу мамилелер эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берерине ишеним билдирди”, – деп айтылат маалыматта.
Казак лидери Ирандын президентине жоопкерчиликтүү милдеттерин аткарууда ийгиликтерди жана Иран элине бакубаттуулук каалады.
Буга чейин Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да Иранды Ислам революциясы күнү менен куттуктаган.
Рахмон ирандык кесиптеши Масуд Пезешкианга жолдогон куттуктоосунда ага чың ден соолук жана жаңы ийгиликтерди, ал эми дос жана бир тууган Иран элине бекем тынчтыкты жана туруктуулукту, ошондой эле андан ары прогрессти жана гүлдөп-өнүгүүнү каалаган.
11-февралда Иранда Ислам революциясынын 47 жылдыгы белгиленди.
1979-жылы 1-февралда (12-бахман) Иран Ислам Республикасынын негиздөөчүсү Имам Хомейни 15 жылдык сүргүндөн мекенине кайтып келген. Хомейни Иранга кайтып келгенден он күн өткөн соң, 11-февралда (22-бахман) Ислам революциясы толук жеңишке жеткен.
Бул күнү өлкө боюнча жана Тегеранда миллиондогон адамдар катышкан жүрүштөр өттү. Борбор калаада Ирандын аскердик күчүн даңазалаган ракеталар жана дрондор көргөзмөгө коюлду. Президент Масуд Пезешкиан эл алдында сөз сүйлөдү.

















