Иран Ислам Республикасынын Бендер-Аббас шаарындагы Шахид Ражаи портунда болгон жарылууга жана көптөгөн курмандыктар менен жабыркагандарга байланыштуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ирандык кесиптеши Масуд Пезешкианга каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.
Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев Иран Ислам Республикасынын Президенти Масуд Пезешкянга бул өлкөнүн Бендер-Аббас шаарындагы Шахид Ражаи портундагы жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугуна жана жарадар болгонуна, ошондой эле ири кыйроолоруна байланыштуу көңүл айтты.
Мамлекет башчысы каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин билдирди.
Белгилей кетүүчү жагдай, ишемби күнү Ирандын түштүгүндөгү Бендер-Аббас шаарындагы Шахид-Ражаи портунда катуу жарылуу болуп, Бендер-Аббас шаарынын батыш тарабындагы өндүрүштүк ишканалар жана бир катар жайлар жабыркаган.
Кризистик кырдаалды башкаруу боюнча ирандык уюмдун өкүлү Хоссейн Зафари жарылуу химиялык заттар контейнерде туура эмес сакталгандан улам чыкканын айтты. Бирок себеби белгилүү болмоюнча, азырынча бул тууралуу так кесе айтууга мүмкүн эместигин билдирди.
Буга чейин порттун бажысы жарылуу болгон контейнерге жакын жерде “кооптуу жүктөр жана химикаттар” болушу мүмкүн экенин билдирип, ошол аймактан жүк ташуучу автоунааларды эвакуациялап жатканын маалымдаган.
Шахид-Ражаи порту Ормуз кысыгынын жанында жайгашкан. Бул жер Ирандын эң чоң контейнердик түйүнү катары өлкөнүн суу аркылуу ташылчу жүктөрүнүн көбүн тейлейт.

















