Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи расмий сапары менен Москвага келди. Ал Россиянын расмий өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт ошондой эле Ирандын жогорку лидеринин президент Владимир Путинге жолдогон катын тапшырат.
Бул тууралуу ирандык министрдин Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө айтылат.
“Тышкы иштер министри Аббас Арагчи Москвага келди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Ирандын жогорку лидери Аятолла Али Хаменеинин Россия президентине жолдогон кайрылуусунда дүйнөдөгү жана Жакынкы Чыгыштагы окуялар камтылганын Аракчи Москвага келгенде билдирди.
“Жогорку лидердин орус президентине жолдогон кайрылуусу Жакынкы Чыгыш аймагындагы, дүйнөдөгү окуяларды, ошондой эле эки тараптуу мамилелердин маселелерин камтыйт”, – деген Аракчинин сөзүн ИРНА агенттиги келтирди.
РФпрезидентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Россиянын президенти Владимир Путинге Ирандын жогорку лидеринин катын тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун журналисттерге билдирди.
Буга чейин Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали сапардын жүрүшүндө талкуулоо пландалган темалардын арасында эки тараптуу мамилелерди, аймактык кызматташтыкты жана эл аралык аренадагы өз ара аракеттенүүнү алдыга жылдыруу болорун билдирген.
Ирандын Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Арагчи орус тарап менен Тегерандын өзөктүк программасы боюнча иран-америкалык сүйлөшүүлөрдүн айланасындагы кырдаалды талкуулай турганын билдирген.
12-апрелде Омандын борборунда АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча чабарманы Стив Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин ортосунда кыйыр сүйлөшүүлөр болгон. Америкалык лидердин атайын өкүлүнүн айтымында, диалог позитивдүү жана конструктивдүү болду. Арагчи ошондой эле бул сүйлөшүүлөрдүн атмосферасын конструктивдүү жана тынч деп сыпаттап, Омандын тышкы иштер министри Бадр ал-Бусаидиге Иран жана Америка делегацияларынын ортосунда пикир алмаштыруу аракети үчүн ыраазычылык билдирди жана Ислам Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы 19-апрелде болоорун билдирди.















