Бүгүн, 15-апрелде, Ош шаарынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Алишер Навои көчөсүнүн тургундары маалымат жыйын өткөрүшүп, мэриянын бузуу иштерин нааразычылыгын билдиришти. Алар: “дубалдарыбызды мыйзамсыз бузуп, «компенсация төлөбөйбүз» деп жатышат”,-дешти. Бирок жергиликтүү бийлик алардын дооматтары четке кагып, тийиштүү жактарга компенсация берилээрин белгиледи.
Тургундардын нааразычылыгы
Маалымат жыйындын катышуучуларынын бири Рахима Халилова, үйлөрүнүн тиешелүү документтери бар экенин, бирок ага карабай мэрия алардын курулуштарын бузуп кетишкенин айтат.
“Документтерибиз мамлекет тарабынан берилген. Аларды азыр мыйзамдуу документ катары көрбөй жатышат. Себебин биз билбей жатабыз. Бирок, жаңы мэрге эмне деп кайрылууну да билбей жатам. Жаңы мэр менен таанышкан эмеспиз. Орозодон мурун «мына үйүңөр бузулат» деп жазып кетишти. Орозодон кийин түшүндүрүү иштерин кылып, айтпай, дебей эле бузуп кетишти. Эми эмне кылышты билбей отурабыз.
Бул көчөгө мен 1972-жылы келин болуп келген учурда Араван-2 көчөсү деп аталат эле. Ал учурда эшек арабалар өтө турган кичине жол болгон. Андан кийин өкмөт жерлерди бизден алып, экинчи жолу көчөнү Э.Тельман деп аташты. Андан кийин үйлөрүбүздү жылдырып, жер берип жатып, көчөбүздүн аты А.Навои деп өзгөрдү. Бул көчө Навои деп аталганына да 27 жыл болду. Биз башка жерден келген жокпуз. Ушул жерде көп жылдан бери жашап жатабыз. Документтерибиз бар. Эмне үчүн мызймдуу документи бар үйлөрдү бузуп жатышат? Ошондуктан, жогорку бийликтегилерден биздин маселеге көңүл буруп коюшун суранабыз”,- деди ал.
Дагы бир тургун Яркын Мирбабаев эгер үй-жайларды ала турган болсо, аларга компенсация төлөп, кийин бузса жакшы болорун билдирди.
“Эгер алдын ала компенсация төлөп, анан үй-жайыбызды бузса жакшы болмок. Анткени, азыр төлөбөй эле бузуп салса, көчөдө калабыз. Азыр бирөөдө акча болсо, бирөөсүндө жок. Ушундай маселе жаралышы мүмкүн. Ошонукдтан, урматтуу президенттибиден суранабыз, биздин маселебизди көңүлдөн четте калтырбасын»,-деди Мирбабаев.
Жергиликтүү бийликтин жообу
Мэриянын атайын кызматтары буга чейин деле башка көчөлөрдөгү мыйзамсыз делген курулуштарды бузуп салуу менен алектенип жаткан. Ушундай эле тапшырма менен алар Алишер Навои көчөсүндөгү курулуштарды бузуу иштерин бир нече күн мурун баштаган. Ага чейин жашоочуларга эскертилгендигин, кызыл сызыкка чыккан курулуштар бузуларын айтышкан.
Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Казыбай жарандардан тургундардын “эскертүү бербей туруп, курулуштарды бузуп салышты”,-деген сөзөрү жалган экенин, алдын ала эскертүүлөр берилгенин белгиледи.
“Биз аларга А.Навои көчөсүндө бузуу иштери жүрөт деп февралдын аягы, марттарда эскертүү бергенбиз. Кийин орозо башталып, «1 ай убакыт бергиле» дешкенинен, бузган эмеспиз. Ороздон мурун эскертүү берилип, чек араларды көрсөткөнбүз. Орозодон кийин, мына 10 күн өткөндөн кийин келип, курулуштарынын айрым жердерин бузуп койдук.
Компенсация боюнча айтып жатышат. Компенсация жер түрүндө берилет. Эгер бузулган курулушу 1 сотых же 2 сотых жер болсо, ошол жерин башка жактан беребиз. Азыр бузуу иштери бир эле бул көчөдө жүргөн жок, көптөгөн көчөлөрдө жүрүп жатат. Башка көчөдөгүлөр өз эрки менен макул болуп эле берип жатышат. Биз жарандар менен келишим түзүп, курулушу бузулган жери канча болсо, ошончо жер берип жатабыз, компенсация катары. Жарандар да ошол нерсени жакшы түшүнсө жакшы болот эле»,-деди.
Мэриянын бузуу иштери уланууда
Учурда Ош шаарында жол кыймылын жакшыртуу жана инфраструктураны өнүктүрүү максатында бир катар көчөлөрдө кеңейтип, тратуарларды салуу иштери жүрүп жатат. Бул аракеттер шаардын башкы планына ылайык аткарылып, мыйзамсыз курулган имараттар, тосмолор жана башка объектилер мыйзам чегинде алынып салынууда.
Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, кеңейтүү иштери негизинен транспорт агымы көп каттаган көчөлөрдө эле эмес, майда көчөлөрдө да жүрүүдө. Буларда мыйзамсыз курулуштар алдын ала эскертүүлөр менен сүрдүрүлүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, айрым тургундарга түшүндүрүү иштеринин негизинде өз эрки менен курулуштарын алып салууга мүмкүнчүлүк берилүүдө. Бирок айрым учурларда мыйзамдык чаралар көрүлүп, бузуу иштери күч органдарынын коштоосунда жүргүзүлүүдө. Алынган имараттардын ордуна жашыл зоналар жана коомдук пайдаланууга ылайыкталган аймактар түзүлөөрү айтылган.
Жергиликтүү бийлик мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иштерин жүргүзүүдө социалдык жактан аяр үй-бүлөлөргө өзгөчө көңүл буруларын белгилейт. Тиешелүү органдар мыйзам чегинде компенсация маселелери каралып, калыстык жана ачык-айкындуулук принциби сакталаарына ишеним артса болоорун билдиришкен.
Шаар тургундары бул аракеттерди жалпы жонунан колдоп, шаардагы кыймылдын ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна оң таасир тийгизет деген үмүттө. Кеңейтилген көчөлөрдө жарыктандыруу, ирригация жана көрктөндүрүү иштери да кошо жүргүзүлүп жатат.
Быйыл Ош шаарынын жолдорун жана инфраструктурасын жакшыртууга Респбуликалык бюджеттен 2 миллиард 700 миллион сом бөлүнгөнүн президент Садыр Жапаров 21-мартта Ош шаарында Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чарада сүйлөп жатып билдирген. Анын айтымында бул каражатка калаадагы 11 негизги көчө капиталдык оңдоодон өтөт. Ошондой эле тротуарлар жана жашыл аймактар жаңыланып, эскилиги жеткен жол оңдоочу техникалар жаңыртылат.
А.Белеков



















