Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы ишемби, 19-апрель күнү Оманда өтөт.
Бул тууралуу Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багайи дүйшөмбү күнү кечинде билдирди.
Буга чейин Нидерланддын тышкы иштер министри Каспар Велдкамп АКШ-Иран сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы Римде өтөөрүн билдирген. Бул маалыматты Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи тастыктаган.
“Консультациялардын жыйынтыгында сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы (АКШ менен – ред.) 19-апрель ишембиде Оманда уланат деген чечим кабыл алынды”, – деди Багайи.
12-апрелде Маскатта Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен АКШ президентинин атайын чабарманы Стивен Уиткоффтун ортосунда кыйыр сүйлөшүүлөр болду. Уиткоффтун айтымында, сүйлөшүүлөр позитивдүү жана конструктивдүү өттү. Арагчи да бул сүйлөшүүлөрдүн атмосферасын конструктивдүү жана тынч деп сыпаттап, Омандын тышкы иштер министрине Иран жана Америка делегацияларынын ортосундагы пикир алмаштыруу аракети үчүн ыраазычылык билдирди жана Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы ишемби, 19-апрель күнү өтөөрүн жарыялаган.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багайи Маскатта өткөн Тегеран менен Вашингтондун кыйыр сүйлөшүүлөрүндө Ирандын өзөктүк программасынан жана Ислам Республикасына каршы санкцияларды алып салуудан башка маселелер талкууланган жок деп билдирген.
Март айынын башында АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге кат жолдоп, анда ал Тегеран менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге жетишүүнү артык көрөрүн айтып, башка учурда аскерий жооп кайтарарын эскерткен. Ирандын президенти Масуд Пезешкян Тегеран жооп катында өзөктүк программа маселеси боюнча АКШнын түз сүйлөшүүлөрүнөн баш тартканын айтып, кыйыр сүйлөшүүлөргө гана жол ачык экенин айткан.
Өзөктүк келишим – 2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.



















