Азыркы деңгээлдеги казып алуу шартында Россиянын мунай кору 65 жылдан ашык убакытка, ал эми газ кору 100 жылга жетет.
ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, бул маалымат Россия өкмөтү тарабынан бекитилген 2050-жылга чейинки Энергетика стратегиясынан алынган.
Документке ылайык, Россиядагы АВ1С1В2С2 категориясындагы мунай запастары 31,3 млрд тоннаны түзөт. Бул дүйнөлүк кордун 15 пайызын түзүп, Россияны дүйнөдө үчүнчү орунга чыгарат. Дүйнөлүк мунай казып алуу боюнча Россиянын үлүшү 10% болуп, бул көрсөткүч боюнча экинчи орунда турат.
Ал эми жаратылыш газы боюнча, Россия АВ1С1В2С2 категориясындагы 63,4 триллион куб метр кору менен дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. Казып алуу боюнча да Россия дүйнөдө экинчи орунда болуп, дүйнөлүк газ өндүрүүнүн 16 пайызын түзөт.


















