Иран менен Армениянын атайын күчтөрү чек ара аймагында биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүштү.
“ISNA” агенттиги маалымдагандай, машыгуулар 9-10-апрель күндөрү Иран-Армения чек арасындагы Нурдуз аймагында өттү.
Машыгууда жеңил жана оор курал-жарактар колдонулуп, атайын күчтөрдүн снайпердик чеберчиликтери көрсөтүлүп, жардыруу операцияларын аткарышты.
“Биргелешкен машыгуу” аймактагы бекем тынчтыктын кызыкчылыгы үчүн өткөрүлдү.
Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кургактагы күчтөрүнүн оперативдүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары Велиуллаха Манинин айтымында, машыгуулардын негизги максаты – чек ара аймактарында коопсуздукту күчөтүү болуп саналат.
“Эки өлкөнүн чек ара аймактарына өзгөчө коркунуч жок. Бул машыгуулар күжүрмөн даярдыкты сактоо, терроризмге каршы күрөшүү жана туруктуу тынчтыкты камсыз кылуу максатында өткөрүлүүдө”, – деп жыйынтыктады Мани.















