Кытай өкмөтү ар дайым өз жарандарынан куралдуу кагылыш болгон аймактардан, атап айтканда Орус-Украина эки тараптын тең аскердик операцияларына катышуудан баш тартууну талап кылып, куралдуу кагылышууга катышуудан алыс болууга чакырып келген.
Кытай Украинадагы согушту токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн алдыга жылдыруу боюнча аракеттерди жактайт. Мындай позиция эл аралык коомчулукка белгилүү.
Бул билдирүүнү Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Лин Цзянь Пекинде өткөн брифингде айтты.
Ошол эле учурда ал Владимир Зеленскийдин Кытай жарандары Орусия тараптагы согушка катышып жатат жана Кытай бийлиги муну билет деген сөздөрүн четке какты.
Буга чейин президент Зеленский Украинанын куралдуу күчтөрү «Орусия тарапта согушкан кытайлык жалданмаларды колго түшүргөнүн» билдирген.
Лин эки кытай жаранынын Орусия тараптан аскердик операцияларга катышкандан кийин Украина тарабынан туткунга алынган маалыматты текшерүүнү улантып жатканын, бирок башка билдирүүлөр чындыкка дал келбей турганын белгиледи.
Ал кошумчалагандай, Кытай жаңжалды саясий жактан жөнгө салууда конструктивдүү ролду ойноого умтулат.
«Кытай Украинадагы согушту токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн алдыга жылдыруу боюнча аракеттерди жактайт – бул позиция эл аралык коомчулукка белгилүү.
Украин тарап жаңжалды саясий жактан жөнгө салууга багытталган Кытайдын аракеттерине жана конструктивдүү ролуна туура баа бериши керек», – деп баса белгиледи тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы.
Буга чейин Украинанын президенти Зеленский Донецк облусунда орус армиясынын курамында украин аскерлерине каршы согушкан эки кытай жараны кармалганын билдирген.
«Алгачкы эки кытай жараны колго түшкөн. Бүгүн алар менен Украинанын Коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү сүйлөштү. Биз бул жана башка кытай жарандарынын орус оккупациялык армиясында болгондугуна байланыштуу бардык фактыларды тактап жатабыз. Украинанын чалгындоо кызматы да иштеп жатат. Учурда бизде так маалыматтар бар. Украинадагы согушта 150дөн ашуун кытай жараны бар», – деп жазган Зеленский Telegram каналында.
«Украина Кытай жарандарынын өлкөнүн аймагындагы аскердик аракеттерге мындай «ачык эле тартылышы» согушту кеңейтүүгө багытталган атайын жасалган кадам деп эсептейт», – деп белгилеген мамлекет башчысы.





















