Түркия аймактагы туруксуздуктун жаңы булагына кызыкдар эмес жана АКШнын Иранга кол салышын каалабайт.
Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Reuters агенттигине билдирди.
“Биздин аймак дагы бир согушту, туруксуздуктун дагы бир булагын көтөрө албайт. Эгер мындай чабуул боло турган болсо, кандай эскалация болорун билбейбиз. Ошондуктан биз [АКШнын] Иранга кол салышын каалабайбыз. Мурдагыдай эле тынчтык сүйлөшүүлөрүн эки тарап жана кызыкдар тараптар өткөрүшүбүз керек”, – деп билдирген Фидандын сөзүн агенттик.















