Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 694кө, жараат алгандар 1670ке жетип, 68 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде болууда.
Бул тууралуу бүгүн 29-мартта “France-Press” агенттиги жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен билдирди.
Кечээ, 28-мартта Таиланд менен Мьянмада күчү 7,7 жана 6,4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Эки өлкөнүн тең кырсык болгон аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Буга чейин Мьянмада 144, Бангкокто 10 адам каза болгону кабарланган.
Мьянмада жер титирөөнүн очогу болжол менен 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Зилзала Таиланд, Бангладеш, Индия, Лаос жана Кытайда да сезилген.
Бангкокто күчтүү жер титирөөдөн улам курулуп жаткан 30 кабаттуу имараттын урап түшкөн.
АКШнын Геологиялык кызматы өлкөлөрдөгү кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 10,000ден ашышы мүмкүн, деп божомолдойт. Учурда эки өлкөдө тең жердин силкинишинен ураган аймактарда куткаруу иштери уланууда.
Мьянма өлкөсүнүн куткаруу операциясынын башкы инженери Сучатви Сувансават өлкөдөгү азыркы кырдаалды абдан оор деп мүнөздөдү. Анын айтымында, өзүнүн чоң тажрыйбасына карабастан, мындай масштабдагы кырсыкка биринчи жолу туш болуп жатат.
Ал кошумчалагандай, өлкөгө эл аралык эксперттердин жардамын тартуу зарыл жана өкмөт бул багытта иш алып барат деген ишенимин билдирди.
Башкы инженер Сувансаваттын айтымында, жер титирөө дагы деле болуп жатат, бирок болуп өткөн жер силкинишинен азыраак.
Мьянмага жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн биринчилерден болуп куткаруучулар тобун Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эки учак менен жөнөткөн.
Муну Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кечээ, жума күнү билдирди.
Министрлик биргелешкен «Центроспас» аэромобилдик бөлүгүнөн жана «Лидер» атайын тобокелдик-куткаруу иштерин жүргүзүү борборунан 120 куткаруучуга кошуп кинологдорду, анестезиологдору жана психологдору жиберген.


















