Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун аэрокосмостук күчтөрү жер астындагы жаңы “ракеталардын шаарын” көрсөттү.
“IRNA” агенттиги Ислам революциясынын сакчылар корпусунун баллистикалык жана канаттуу ракеталардын запастары сакталган жер астындагы аскерий базасы чагылдырылган дээрлик бир жарым мүнөттүк видеону жарыялады.
Анда Ирандын Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мохаммад Багери жана Аэрокосмикалык күчтөрүнүн командачысы Амир Али Хажизаде аскердик унаа менен объектти кыдырып, заманбап ракеталарды көрсөттү.
Кадрда базада сакталган жогорку тактыктагы ракеталарды, алардын ичинде “Хейбар Шекан”, “Хадж Касем”, “Эмад”, “Саджил”, “Кадр Н” жана “Павех” көрсөтүлдү.
Ирандын маалымат каражаттары билдиргендей, база ондогон километр жер астындагы туннелдерден турат.
Эске салсак, январь айында Ислам революциясынын сакчылар корпусу эки жер астындагы аскерий базасы тууралуу билдирген, алардын бири аскер-деңиз күчтөрүнүн муктаждыктарын камсыздайт. Мындан тышкары, 4000 чакырымга чейинки аралыкта 13 согуштук дүрмөттү алып жүрүүгө жөндөмдүү оор “Газа” учкучсуз учагы көрсөтүлгөн.















