Акыркы он жылдыкта Жердин температурасы тарыхый эң жогорку деңгээлге жетти, ал эми атмосферадагы көмүр кычкыл газынын деңгээли соңку 800 миң жыл ичиндеги эң жогорку чекке чыкты. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк метеорология уюмунун (WMO) шейшемби күнү жарыяланган жылдык отчетунда айтылат.
“Планетадагы жылуулуктун күчөшүнөн кабар берген бардык белгилер байкалууда: океандардын температурасы рекорддук чекке жетти, деңиз деңгээли көтөрүлүүдө, мөңгүлөр рекорддук ылдамдыкта эрип жатат”, – деп билдирет Associated Press.
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш климаттын өзгөрүүсү боюнча комментарий берип:
🌍 “Биздин планета коңгуроо кагып жатат, биз тезирээк чара көрүшүбүз керек”, – деди.
Климаттын өзгөрүүсү жана анын себептери
БУУнун доклады толугу менен глобалдык жылуулукка арналган. Анда климаттын өзгөрүүсү негизинен көмүр, мунай жана газдын колдонулушу менен байланыштуу экени белгиленген.
📌 2024-жыл соңку 175 жыл ичиндеги эң ысык жыл болду.
Мындан тышкары, жылуулуктун күчөшү төмөнкү кесепеттерге алып келди:
🔹 Өтө катаал аба ырайынын көбөйүшү
🔹 Акыркы 16 жыл ичиндеги эң жогорку деңгээлдеги климаттык миграция
🔹 Азык-түлүк кризисинин күчөшү
🔹 Экономикалык көйгөйлөрдүн курчушу
Глобалдык максат жана келечек
БУУнун маалыматы боюнча, глобалдык жылуулукту индустрияга чейинки доордогу (1850–1900-жж.) деңгээлден 1,5°C жогору өткөрбөө максаты дагы деле күчүндө. Бирок 2024-жылы бул көрсөткүч 1,55°C жетти.
Ошентсе да, докладда бул максатка жетүү дагы деле мүмкүн экени айтылган. БУУнун башкы катчысы дүйнө лидерлерин өз ара кызматташууга жана жаңылануучу энергия булактарын колдонууга чакырды.



















