Бүгүн, 14-мартта Пекинде Орусия, Иран жана Кытайдын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жолугушуусу башталды, анда тараптар Ирандын өзөктүк маселесин, ошондой эле ШКУ жана БРИКС сыяктуу аймактык уюмдардын алкагында үч өлкөнүн кызматташуусун талкуулашат.
Жолугушуу Пекиндин батышындагы Дяоюйтай мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат.
Ага тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков, Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюй жана Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Казем Гариб-Абади катышууда.
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин мурдараак тараптар Ирандын өзөктүк маселеси жана жалпы кызыкчылыкты жараткан башка маселелер боюнча пикир алмашаарын жана Пекиндеги жолугушуу Кытайдын байланышты жана координацияны бекемдөө жана диалог менен сүйлөшүүлөрдү эртерээк кайра баштоо үчүн шарттарды түзүү боюнча жаңы дипломатиялык аракети болуп саналарын айткан.
Дипломат Кытай ар дайым Ирандын өзөктүк маселесин саясий жана дипломатиялык жол менен туура чечүүнү, өзөктүк куралды таркатпоонун эл аралык механизмин сактоону, Жакынкы Чыгышта тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылууну жактап келерин белгилеген.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Орусия, Кытай жана Иран кызыкдар тараптар Ирандын өзөктүк маселесинин себептерин жоюу жана коркутуулардан баш тартуу үчүн аракет кылышы керектигин айтышканын Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Ма Чжаосюй билдирди.
“Үч тарап тиешелүү тараптар учурдагы кырдаалдын түпкү себептерин жоюу жана санкциялардан, кысымдардан жана күч колдонуу коркутууларынан баш тартууга аракет кылышы керектигин баса белгилешти”, – деди Чжаосюй.
Эске салсак, 7-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнү сунуштаган билдирүү жөнөткөнүн билдирген.
Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Аббас Аракчи Бириккен Араб Эмираттарынын президентинин дипломатиялык кеңешчиси Анвар Гаргаштын Тегеранга жасаган расмий сапары учурунда андан Трамптын катын алганын ырастаган.
Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Багаи Иран Трамптын катына кандай жооп берүүнү документти толук баалап, карагандан кийин чечим кабыл аларын билдирген.
2015-жылы Иран менен АКШ, Франция, Германия, Улуу Британия, Кытай, Россия өзөктүк келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, Тегеран уран байытууну чектеп, буга жооп катары Иранга киргизилген экономикалык санкциялар алына баштаган. Бирок 2018-жылдын май айында Дональд Трамп президент болуп турганда АКШ келишиминен чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген. Буга жооп катары Иран келишим боюнча милдеттенмелерин этап-этабы менен кыскартканын жарыялаган.


















