Бүгүн, 12-мартта, саат 09:11де Кыргызстандын түштүгүндө күчү 5 баллга жакын жер титирөө катталды.
Бул тууралуу КР Сейсмология институту маалымдады.
Жер титирөөнүн очогу 40°33′ түндүк кеңдикте жана 72°48′ чыгыш узундукта жайгашкан. Жер титирөө Ош шаарында, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк, Таштак, Нариман жана Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга чейин сезилген. Кара-Суу шаарында анын күчү 4 баллга жетти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.

















