Иран башка өлкөлөр сыяктуу эле жыл сайын Улуттук бак-дарак отургузуу күнүн белгилейт. Иранда бул күн – ар жыл сайын иран календары боюнча акыркы эсфанд айынын 15-күнүндө (5-мартта) майрамдалат.
Ирандын климаты кургак, ошондуктан бул жерде калктуу конуштарды жашылдандыруу, ошондой эле токой ресурстарын сактоо жана көбөйтүү маселелери абдан курч турат.
Бул күндүн урматына өлкөнүн Жогорку лидери Аятолла Али Хаменеи, президенти Масуд Пезешкиан жана башка бир катар бийлик өкүлдөрү көчөт отургузушуп, өлкөнүн бардык тургундарын бак отургузууга чакырышты.
Улуттук бак отургузуу күнү – жыл сайын өтүүчү Жаратылыш ресурстарынын жумалыгына старт берилет. Жумалыктын алкагында Ирандын мектептеринде атайын сабактар өтүлүп, балдарга өлкөнүн жаратылыш байлыктары жана аларды коргоонун маанисин үйрөтүшөт.
Иран өкмөтү бак-дарактарды отургузуу иш-чараларын уюштуруп, мүмкүн болушунча көп адам катыша алышы үчүн көчөттөрдү бекер таратат. Жылдан жылга бул акцияга катышуучулардын саны өсүп келе жатат.





















