Eurasiatoday
Дүйшөмбү, 16-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Чек арада талаш жерлер 50/50 чечилди – спикер

  • Интервью
  • 05.03.2025 16:58

Loading

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин долбоору тууралуу депутат Султанбай Айжигитов билдирүү жасап, Баткен районундагы Достук айылын Тажикстанга бербеш керектигин билдирген. Мындан улам, “Кабар” агенттиги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, бул туурасында маек курду.

– Нурлан мырза, саламатсызбы. Өткөндө парламенттин комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө келишим каралып, аны эл өкүлдөрү бир добуштан колдоп беришти эле. Бүгүн болсо Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов чек ара келишиминде кыргыз тарап уттуруп койду деген мааниде сөз сүйлөдү. Ушул боюнча кандай комментарий бере аласыз?

– Эки тарап тең уттурган жок. Бардык талаш жерлер 50/50 чечилди. Айылдар алмашты. Жерлеринин көлөмү канча болсо ошончо жерлери менен алмашылды. Мисалы, Достук айылыбыз тажик тарапка өтсө бизге Самонион айылы өтүп атат. Алар деле “Айылыбызды бергибиз келбей жатат, ата-бабаларыбыздын сөөгү жатат” деп атышат. Бул жерде бир айылдын маселеси чечилип жаткан жок. Эки мамлекеттин маселеси чечилип жатат. Айылдар алмашылып атканы эң туура болду. Себеби, Достук айылыбыз Тажикстанга чапташып турган жалгыз айыл. Самонион айылы Кыргызстанга чапташып турат. Шахматтык түрдө жайгашып калган. Ошол үчүн алмашуулар туура эле болду. Эми мындан ары чыр чатак чыкпайт. Түбөлүк тынчтык, ынтымак орнойт.

Тема боюнча

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына алгачкы мамычалар орнотула баштады

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына алгачкы мамычалар орнотула баштады

14.07.2026

– Кесиптешиңиз Достук айылы биз үчүн стратегиялык мааниге ээ, аны бербеш керек эле деди. Чын эле бул айыл стратегиялык мааниге ээби?

– Эч кандай стратегиялык мааниге ээ эмес. Тескерисинче Баткенден алыс жайгашкан, Тажикстандын чек арасына чапташып турган айыл. Алар деле Самонион же Ходжайлоо айылдарыбыз стратегиялык мааниге ээ айылдар дей беришсе жарашат да. Ошондуктан эки тарап тең уттурган жок. Теңме тең чечилип келгенин Камчыбек Кыдыршаевич комитеттин жыйынында түшүнүктүү кылып айтып берди. Түшүнүп туруп эле түшүнгүсү келбегендер сүйлөй берет экен да.

Стратегиялык деп Төрт көчөнү айтсак болот. Азыр Төрт көчөгө статус КВО берилип, нейтралдуу болду. Мына ушуну чоң утуш десек болот.

Ал эми Ворухка 3,5 км жол берилсе биз Самаркандектен Миң-Өрүккө чейин 3,5 км жол алып атпайбызбы. Бул жерде да теңме-тең болуп жатат. Кай жеринен уттурдук?!

– Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасы жөнүндө келишимди колдобой коюшу мүмкүнбү? Сиз төрага катары көпчүлүк депутаттардын бул маселеге карата позициясын билсеңиз керек?

– Колдойт. Кечээ жакында биргелешкен комитеттин жыйынында депутаттардын дээрлик баары эле колдогон. Сессияда деле колдошот.

Маектешкен Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: кыргыз-тажик чек арасыЧек ара
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Тажикстан чек арадагы тургундун каза болушуна байланыштуу Ооганстанга нааразылык нотасын жөнөттү

Тажикстан чек арадагы тургундун каза болушуна байланыштуу Ооганстанга нааразылык нотасын жөнөттү

14.08.2026
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына алгачкы мамычалар орнотула баштады

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына алгачкы мамычалар орнотула баштады

14.07.2026
Чек арадагы чыңалуу: Пакистан Афганстандан учурулган төрт дронду атып түшүргөнүн билдирди

Чек арадагы чыңалуу: Пакистан Афганстандан учурулган төрт дронду атып түшүргөнүн билдирди

01.07.2026
Ирандын аскерлери Ормуз кысыгындагы жаңы көзөмөл чек араларын белгиледи

Ирандын аскерлери Ормуз кысыгындагы жаңы көзөмөл чек араларын белгиледи

04.05.2026
Иранда күрттөрдүн чек арадан кириши тууралуу маалымат четке кагылды

Иранда күрттөрдүн чек арадан кириши тууралуу маалымат четке кагылды

05.03.2026
Быйыл кыргыз-тажик чек арасынын 420 чакырымы тосулат

Быйыл кыргыз-тажик чек арасынын 420 чакырымы тосулат

03.03.2026
Ирандын ТИМ башчысы Афганистан менен Пакистанды диалогго жана сабырдуулукка чакырды

Ирандын ТИМ башчысы Афганистан менен Пакистанды диалогго жана сабырдуулукка чакырды

27.02.2026
Ирак чек арада такфирчилердин  коркунучуна каршы чараларды көрүүдө

Ирак чек арада такфирчилердин  коркунучуна каршы чараларды көрүүдө

26.12.2025
БУУда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арасынын чечилиши жогору бааланды

БУУда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек арасынын чечилиши жогору бааланды

16.12.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

Айзенкот: Нетаньяху Израилдин премьер-министри кызматында бир мүнөт да калбашы керек

16.11.2026
Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

Эксперт: АКШнын Иранды кургактыктан курчоо аракети ишке ашпай турган план

13.11.2026
АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

АКШда дизель отунунун запасы 23 жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү

13.11.2026
2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

2026-жылы Афганистандын университеттерине бир да кыз кабыл алынган эмес: өлкө аял адистерсиз калуу коркунучунда

13.11.2026
Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

Пезешкиан: Американын коркутуу жолу менен дипломатия жүргүзүүгө аракет кылып жатканы — уят көрүнүш

13.11.2026
Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

Иран Ормуз кысыгында АКШнын MQM-170 дронун кармап алганын билдирди. Видео

29.10.2026

Валюталар курсу

Экономика

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

Иран менен Пакистандын чек арасында банктык жана бажылык чектөөлөрдөн улам жүк ташуу токтотулду

24.10.2026
АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

АКШнын Иран экономикасынын кыйрашы тууралуу билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19.10.2026
Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

Иранда өтүүчү мал чарбачылыгы жана канаттууларды өстүрүү боюнча көргөзмөгө 16 өлкө катышат

15.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
200 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.