Душанбе менен Тегеран Ирандан чийки мунай жеткирүүдөгү жеңилдиктерди талкуулашууда.
Бул тууралуу Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул маселе Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жуманын Тегеранга болгон сапарында Ирандын мунай министри Мохсен Покнежад менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мунай-газ тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү, бул тармакка инвестиция тартуу, ошондой эле Тажикстандын мунай иштетүүчү заводдорунун муктаждыктары үчүн Ирандан чийки мунай затын жеңилдетилген баада жеткирүү маселелери боюнча пикир алышты», – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле эки өлкөнүн адистеринин тажрыйба алмашуусу жана Тажикстандын мунай жана газ скважиналарын изилдөө маселелери да талкууланды.
Буга чейин Тажикстандын Тегерандагы элчиси Низамиддин Зохиди Ирандын Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Самад Хасанзода менен жолугушууда республикага жыл сайын бир миллион тонна мунай керектелерин жана аны Иран бере ала турганын билдирген.
Зохиди Иран менен Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу сооданын көлөмү аз болгону менен, өлкөлөр олуттуу прогресске жетишип, соода көлөмү 1999-жылдан бери дээрлик 10 эсеге өскөнүн кошумчалаган. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү бир миллиард долларга жеткирүү керек деген пикирге келишкен.
Белгилей кетсек, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода азыркы тапта Иранда расмий сапар менен жүрөт. Ал делегацияны жетектеп Иранга 17-февралда барган. Сапар Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммадреза Арефтин расмий чакыруусу менен ишке ашырылды.
Сапардын алкагында Тажикстандын премьер-министри Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммадреза Ареф, президенти Масуд Пезешкиан менен жолугушту.
Расулзода ошондой эле Үчүнчү Каспий экономикалык конференциясына атайын конок катары катышты.















