Орусияда мектепке кабыл алуу үчүн мигранттардын балдары орус тилинен сынактан өтүү үчүн эң жогорку баллдын 30 пайызынан кем эмес баа алышы керек.
Бул тууралуу РИА Новости Рособрнадзор долбооруна таянуу менен билдирди.
«Башталгыч жана негизги жалпы, ошондой эле орто жалпы билим берүүнүн, билим берүү программаларына окууга кабыл алынган чет өлкөлүк жарандардын орус тилин билүүсү боюнча тестирлөөдөн өтүү үчүн баллдардын эң аз санынын эң жогорку баллынын 30 пайызынан кем эмес болушун белгилөө сунушталат», – деп айтылат маалыматта.
Акысыз сынак мамлекеттик же муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында өткөрүлөт. Сыноо материалдарын жана баалоо критерийлерин иштеп чыгуу менен Рособрнадзор алектенет. Документте башка нерселер менен катар Орусиянын аймагында мыйзамсыз жүргөндөрдү мектепке кабыл алууга тыюу салынат.
Эске сала кетсек, өткөн жылдын декабрь айында Орусиянын президенти Владимир Путин орус тилин билбеген мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууга тыюу салган мыйзамга кол койгон. Алар үчүн милдеттүү тестирлөөнү 1-апрелден тарта киргизүү пландалууда.
Орусиянын жаңы мыйзамдары мигранттарга Европага жаңы багыт ачып берди
Орус бийлигинин Москвадагы “Крокус Сити Холл” борборундагы жанкечтилердин кол салуусунан кийин мигранттарга мамилесин өзгөртүп, жаңы катаалдашкан мыйзамдарын биринин артынан экинчисин кабыл алууда. Бул мыйзамдар күчүнө кире элек эле мигранттар багытын Европага карай өзгөрттү.
Тышкы иштер министрлигинин өткөн жылдагы маалыматына караганда, бир жылда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын саны дээрлик 180 миңге же 30% азайган. Анын 14,4 миңи кайтып келсе, 4,6 миң киши чет өлкөгө чыгып кеткен.
Айрыкча Орусиядан кайткан борбор азиялык мигранттар Швеция, Эстония, Румыния, Венгрия, Люксембург, Хорватия, Австрия, Германия жана башка өлкөлөргө чыгып кетишүүдө.
Себеби, Орусияда 5-февралдан тарта өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандарды чыгаруу боюнча режим күчүнө кирип, өлкөнүн аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет элдиктер өлкөнүн аймагынан чыгарыла баштады. Анын үстүнө Кыргызстандын 67 миңге жакын жараны көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, алардын басымдуу көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөн.
Мындан ары да өлкөдөн чыгарыла турган чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Алардын артынан соттун уруксаты жок техникалык каражаттар менен аңдып жүрүүгө уруксат берилет.


















