Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи саясий жана экономикалык өкүлчүлүк делегациясынын башында Ооганстанга бир күндүк сапары менен келди.
“Eurasia Today” агенттиги маалымдагандай, сапардын алкагында Аракчи Кабулда Ооганстандын Тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Бул Аракчи менен Муттакинин биринчи жолугушуусу. Муттаки буга чейин Ирандын 13-өкмөтүнүн тушунда Тегеранга эки жолу барган.
Амир Хан Моттаки Аракчи менен болгон жолугушуусунда Иран менен Ооганстанды кошуна жана боордош эки өлкө деп атап, бул сапардын жакшы натыйжаларына үмүт артарын билдирди.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы маектешинин сөздөрүн тастыктап, Иран менен Ооганстан тарыхый жана маданий байланыштары терең дос өлкөлөр экенин белгиледи.
Арагчи боордош мусулман өлкөлөрүнүн ортосунда ар дайым жакшы мамилелер болуп келгенин өзүнчө белгиледи.
Ал ошондой эле эки өлкөнүн, өзгөчө экономикалык жана соода тармагындагы карым-катнаштарынын чыңдалышына үмүт артып: “Бул боордоштук карым-катнаштар күн сайын бекемделе берет”,- деп билдирди.
Мындан тышкары, Ирандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы бул сапар эки мамлекеттин жана алардын элдеринин улуттук кызыкчылыктары багытындагы мамилелерди мындан ары да кеңейтет деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Муттаки иран элинин ооган качкындарына жана башпаанек издегендерге карата меймандостугун жогору баалап, качкындардын кайтып келиши Ооганстандын приоритеттеринин бири экенин билдирди.
Ал өз ара пайдалуу экономикалык өнөктөштүктү чыңдоонун, ошондой эле маданий байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Аббас Аракчи Кабулга болгон бир күндүк сапардын жүрүшүндө оогандык кесиптеши менен болгон жолугушуудан тышкары, бир катар жогорку даражалуу расмий адамдар менен, анын ичинде премьер-министр, Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн коргоо министринин милдетин аткаруучу менен жолугуп, бир катар маселелерди талкуулады. Ошондой эле эки өлкөнүн жеке секторлорунун жыйынына катышып, Ирандын Кабулдагы элчилигинде ооган-шиит Уламалар кеңешин өткөрдү.
Белгилей кетсек, Ирандын тышкы иштер министринин деңгээлинде Кабулга акыркы сапар 2017-жылдын 7-майында мурдагы тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зарифтин учурунда болгон.

















