Душанбеде тажик-перс маданият институту ачылды.
Салтанатка Тажикстандын маданият министри Матлубахон Сатториён, Ирандын Маданий мурас, туризм жана кол өнөрчүлүк министри Сейед Реза Салехи Амири жана Ирандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Самад Хасанзаде катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн Салехи Амири бул изилдөө борборунун ачылышы Иран менен Тажикстандын ортосундагы маданий байланыштарды кеңейтүүдө жаңы бөлүмдүн башталышы болушу мүмкүн экенин жана борбордун биринчи долбоору перс жана тажик тилдеринин тилдик тамырларын жана диалектилерин изилдөө болорун баса белгиледи.
Анын айтымында, бул изилдөөнүн жыйынтыгы эки элдин ортосундагы терең маданий жана тарыхый байланыштарды баса белгилөө үчүн эки өлкөнүн президенттерине көрсөтүлөт. Бул азем эки өлкөнүн перс тилинин жалпы мурасын сактоого жана бекемдөөгө жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө чечкиндүүлүгүн чагылдырат.
Ал эми Тажикстандын маданият министри Матлубахон Сатториён өз сзүндө Борбордун ачылышы илимий жана маданий байланыштардын жаңы этабын калыптандырууга бекем негиз түзөөрүн белгиледи.
«Биргелешкен маданий изилдөөлөр бул мекеменин мындан аркы ишмердүүлүгү үчүн маанилүү багыт болот», – деди Сатториён.
Белгилей кетсек, бул институттун кайрадан ачылышы. Анын Тажикстандагы ишмердүүлүгү биринчи жолу 1995-жылы башталып, дээрлик 20 жылга созулган.
Мекеме тажик окумуштууларынын жана адабиятчыларынын классикалык мурастарын, адабият таануусун, илимий жана агартуучулук эмгектерин басып чыгарууда, эки өлкөнүн окумуштууларынын илимий изилдөө кызматташтыгында маанилүү роль ойногон.
Бул институттун жардамы менен азыркы тажик акындары Низом Косим, Фарзона, Гулрухсор, Саидали Мамур, Доро Нажот жана башкалардын ыр жыйнактары фарс тилинде жарык көргөн.
Белгилей кетсек, азыркы тапта Ирандын президенти Масуд Пезешкян алгачкы мамлекеттик сапары менен Душанбеде жүрөт.

















