Ош облусунун Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жаңы акы төлөнүүчү автоунаа жолу 2024-жылдын 6-декабрда ачылып, салтанатка президент Садыр Жапаров катышкан. Бул долбоор Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү жол болуп калды жана анын ишке ашышы коомчулукта чоң талкуу жаратты.
Бул жолду куруу иши Өзгөн районунун администрациясы менен “Тез жол” жана “Жагалмай” аттуу жол курган эки компаниянын ортосундагы келишимдин негизинде 2024-жылы 26-январда башталган. Долбоордун жалпы наркы 29 миллион доллар деп бааланып, курулушу үчүн 49 жылдык келишим түзүлгөн.
Натыйжада 14 чакырым узундуктагы, туурасы 22 метрлик заманбап жол салынып, колдонууга берилди. Ошондой эле, жолдо 200 жана 97 метрлик эки чоң көпүрө курулду.

Анын өзгөчөлүгү – айдоочулар акы төлөп өтүүсү болуп калды. Тактап айтканда, жеңил автоунаалардан 200 сом, ал эми жүк ташуучу машинелерден 700 сом алынат. Бул чечим өлкөдөгү инфраструктураны жакшыртуу жана транспорттук түйшүктү азайтуу максатын көздөгөнү менен, айрым жарандар тарабынан сынга кабылды. Айрыкча, өлкөдөгү орточо киреше деңгээлин эске алганда, жол акыларынын кымбаттыгы көпчүлүк үчүн маселелерди жаратышы мүмкүндүгү айтылып жатты. Бирок буга карабай, тиешелүү тараптардын жолдон өтчү жол акынын баасы тууралуу жообу угула элек.

Долбоордун айланасындагы талкуулар жол салуу процессинде жеке кызыкчылыктар барбы деген суроону да жаратышты. Өткөн жылы 1-октябрда Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темиров өзүнүн Temirov Live YouTube каналында “Өзгөндөгү жолго Тай-Мурас ээлик кылат. Ташиев баласына иш козгой алабы?” деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөдө жолду салган “Тез жол” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев экени айтылган.
Президент Садыр Жапаров өткөн жылы 2-октябрда Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде бул маселе боюнча өз пикирин билдирген. Ал Өзгөн айланма жолун курууга Тай-Мурас Ташиев инвестор тапканын жана бул иш мыйзамдуу негизде жүргүзүлгөнүн белгилеген. Бирок жолдун ачылышында Тай-Мурас Ташиев долбоордон чыгып кеткенин жарыялады.
Акы төлөнүүчү жолдун акысынын кымбаттыгы…

Ошентип жолдун акы төлөнүүчү болушу тууралуу пикирлер эки ача бойдон калды. Айрым тургундар бул жол жергиликтүү экономикага оң таасир тийгизип, транспорттук инфраструктураны жакшыртаарын белгилешсе, башкалары баалардын жогору болушун жана жолдун жеке компанияга берилгени сындалган.
Журналист Эрнис Нурматов бул жолго коюлган баа тууралуу кенен жазып, СССР убагында Бишкектен Ошко каттагандар азыркы Өзбекстандын аймагы аркылуу өтүп жүрүшкөнүн, бирок кийин эгемендүүлүк алгандан соң өлкөлөрдүн чек аралары бекирп, кыргызстандыктар Өзгөн шаары менен каттап калганын эске салды. Буларды айткан Нурматов, коюлган баалардын кымбат экенин айткан.
“Миллиард долларлык каражат жумшалган Бишкек-Ош жолунда баштан-аяк каттоонун акысы өзү 50 сом турат. Аны бери келатканда Кара-Көлдөгү посттон, ары баратканда Сосновкадагы посттон беребиз. Ал жол жалпы 500-600 километр, а бул айланма жол болгону 14 километр экен”,-дейт ал.
Буларга кошумчалап: “акы жеңил машинелерге 50 сом, оор машинелерге 100 сом болсо болмок, болбосо жок дегенде биринчисине 100 сом, экинчисине 200 сом кылып койсо деле жетет. Компания жерди 49 жылга албадыбы?! Жолдон миңдеген машине өтөт, ошого чейин актап алаар…”,-дейт Нурматов.
Жеке сектордун колдоосу
Бирок анткен менен айрым серепчилер жолдун жеке сектор тарабынан курулушу – Кыргызстандын экономикасына оң таасирин тийгизерин белгилешет. Алардын баамында, мындай долбоорлор мамлекеттик бюджетке оорчулук жаратпай, жеке сектордун инвестициясын тартуу аркылуу ишке ашат.
Долбоордун техникалык жагынан алганда, ал Өзгөн шаарынын айланасындагы транспорттук агымды оптималдаштырып, жүк ташуучу автоунаалардын шаар ичиндеги кыймылын азайтуу максатын көздөгөн. Бул жол жүргунчулөр үчүн убакытты үнөмдөөчү жана коопсуздукту жакшыртуучу маанилүү долбоор катары каралып келет. Жолдун ачылышы менен Өзгөндүн борбордук көчөлөрүндө автоунаа тыгындары азайып, экологиялык абал жакшырат деп күтүлүүдө.
Бирок анткен менен жаңы жылдын башында оор жүк ташуучу автоунаалырдан Өзгөн шаарында автотыгын жаратып турганы боюнча интернетке видео тарады. Аны тарткандар жаңы салынган айланма жол аркылуу булар эмнеге өтпөй жатышканын айтып, суроо салган.
Эмнеси болсо да, аталган долбоор Кыргызстандын транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калды. Бирок анын айланасындагы талаш-тартыштар – коюлган акылардан баштап, жолдун социалдык-экономикалык натыйжасына чейин – келечекте ушундай долбоорлорду ишке ашыруу учурунда ачык-айкындуулукту камсыздоо зарылдыгын көрсөттү. Өзгөндөгү жаңы айланма жол канчалык пайда алып келерин убакыт көрсөтөт. Анткен менен, бул долбоор башка региондордо да акы төлөнүүчү жолдорду курууга кызыгуу жаратышы мүмкүн. Жыйынтыгында, мындай долбоорлордун ийгилиги мамлекеттик башкаруу, жеке инвесторлордун ишенимдүүлүгү жана коомчулуктун колдоосуна көз каранды болот.
Акы төлөнүүчү жолдордун долбоорлору
Өзгөндөгү акы төлөнүүчү жолдун ачылышы убагында КР президенти Садыр Жапаров өлкөдө акы төлөнүүчү дагы башка жолдорду салууга инвесторлорду чакырып, сунушталган долбоорлорду жарыялады.
Негизги долбоорлордун катарында Суусамыр – Арал альтернативдүү жолу (115 км), Алматы – Кемин – Ысык-Көл авто жолу (150 км), Бишкек – Кемин айланма жолу (105 км), Ош (35 км), Ноокат (12 км). Мындан башка дагы альтернативдүү жолдордун долбоорлору даярдалып жатат, алардын ичинде Токтогул суу сактагычынын ортосун кесип өтө турган жол салына турган болсо азыркы жол 80 чакырымга кыскартылат, дагы Төө-Ашууда азыркы туннелден миң метрге төмөнкү деңгээлде альтернативдүү туннелди куруу аркылуу жолдо жүрүү убактысын кыйла кыскартууну караган долбоор да бар. Бишкектен “Манас” аэропортуна жетиш үчүн Маевка, Озерное айылдары аркылуу өтө турган 27 чакырымдай альтернативдүү төлөнүүчү жол бар.
С. Жапаров жолдордун өзүн-өзү актоосу өтө узак мезгилге созуларын белгилеп, бирок жол инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгын эске салды жана мамлекет эл аралык жана улуттук маанидеги жолдорду курууну уланта берээрин айтты.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстан жолдорду реабилитациялоо жана реконструкциялоо үчүн жалпысынан 4,5 млрд доллар каражат тарткан. Транспорт министрлиги мындан кийин да сырттан каражат тартуу өлкөнүн бюджети үчүн кыйын болуп каларын, ошондуктан каржылоонун башка булактары каралып жатканын билдирген.
А. Белеков



















