НАСАнын окумуштуулары уникалдуу жаратылыш кубулушун – Жердин магнит талаасынын 17 саатка созулган үзүлүшүн катташты. Бул тууралуу Space Weather журналында жарыяланган.
Изилдөөчүлөрдүн айтымында, бул окуя 2024-жылдын 25-декабрында башталган жана байкоолордун тарыхында болуп көрбөгөндөй болгон.
Астрофизиктер тарабынан тастыкталган жана Жаңы Зеландияда визуалдык түрдө катталган аномалия түндүк жарыктарынын жаркыраган жарыктанышына алып келди. Бул кубулушту байкаган фотограф Жеймс Вилсон 15 жылдык эмгегинде мынчалык жаркыраган түндүк жарыктарын көрбөгөнүн айтты.
“Асман изумруд жана кызгылт көк түскө толгон, ал укмуштуудай болду”,- деди ал.
Эксперттер магнит талаасынын мындай үзүлүшү спутниктердин жана GPS (глобалдык позициялоо системасы) системаларынын иштешине таасир этиши мүмкүн экенин эскертишүүдө. Магниттик талаанын жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөр спутниктик навигация системаларынын иштешин үзгүлтүккө учураткан күн шамалына “жолду ачышы” мүмкүн. Бирок, бул көрүнүш адамдын ден соолугу үчүн коопсуз болуп саналат.
Окумуштуулар азыркы кездеги мониторинг системаларынын жардамы менен магнит талаасынын абалына байкоо жүргүзүүнү улантышууда жана мындан аркы изилдөөлөр Күн менен Жердин өз ара аракеттенүүсүн жакшыраак түшүнүүгө жардам берет деп үмүттөнүшөт.



















