“Азербайжан аба жолдорунун” (Azebaijan Airlines (AZAL) Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган учагын иликтөөнүн алгачкы жыйынтыктары 30 күндүн ичинде коомчулукка жарыяланат. Бул тууралуу Казакстандын транспорт министринин орун басары Талгат Ластаев билдирди.
«Негизинен, стандарттарга ылайык, тергөөнүн алдын ала же аралык жыйынтыгы 30 күндүн ичинде жарыяланат», — деди Ластаев «Казинформ» агенттигине берген маегинде.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө учак кырсыгы боюнча иликтөөнүн талаа стадиясы жүрүп жатат. «Тагыраак айтканда, жерге кагылышкан жердин толук издери чогултулуп, атайын гипстер алынып, кеменин фрагменттери атайын ангарга чогултулат. Актау аэропортунда ангар уюштурдук. Эксперттер бул ишти талыкпай аткарып жатышат», – деп кошумчалады вице-министр.
Буга чейин Казакстан Бразилияга AZAL учагынан учуу жазгычтарды жөнөткөн.
Эске сала кетсек, 25-декабрда AZAL авиакомпаниясынын учагы Баку-Грозный каттамын аткарып жаткан Актауга жакын жерде Казакстандын аймагына кулап түшкөн. Учакта 67 адам болгон, 38и каза болгон. 28-декабрда авиакомпания Орусия Федерациясынын жети шаарына – Грозный, Махачкала, Минеральные Воды, Сочи, Волгоград, Уфа жана Самарага каттамдарды токтоткондугун билдирди.


















