27-декабрда Ташкент абанын булганышы боюнча дүйнөдөгү экинчи шаар болуп калды.
IQAir порталынын маалыматы боюнча, саат 8:00гө карата Ташкенттин абасындагы майда дисперстүү PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы 249 мкг/м³ түздү, бул «өтө зыяндуу» категорияга туура келет.
Рейтингде биринчи орунда Индиянын Дели шаары турат, анда PM2.5 бөлүкчөлөрүнүн концентрациясы 292 мкг/м³ жеткен. Үчүнчү орунда 237 мкг/м³ көрсөткүч менен Лахор (Пакистан) турат. Кытайдын Ухань шаары 220 мкг/м³ менен төртүнчү орунда.

Ошондой эле алдыңкы ондукка Сараево (Босния), Улан-Батор (Монголия), Манама (Бахрейн), Кабул (Ооганстан), Карачи (Пакистан) жана Ханой (Вьетнам) кирди.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, абанын булганышынын көрсөткүчтөрүнүн ичинен ден соолукка эң чоң коркунуч туудурган майда бөлүкчөлөр PM2.5 болуп саналат.



















