Кытайдын Соода министрлиги кытайлык жарым өткөргүчтөрү боюнча АКШ бийликтери баштаган иликтөөсүн сынга алып, аны ачык эле бир жактуу жана протекционисттик мүнөзгө ээ деп билдирди.
Бул тууралуу IRNA агенттиги Global Times басылмасына таянуу менен билдирди.
Маалыматка караганда, Пекин Вашингтондун мындай кадамдарына кыжырданып, аларга кескин түрдө каршы чыкты.
Министрлик АКШнын аракеттерин саясий себептерден улам Кытайга кысым көрсөтүү аракети катары түшүндүрүп, мындай саясаттын натыйжасы жарым өткөргүч өнөр жайындагы дүйнөлүк өндүрүш чынжырларынын жана жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскертти. Натыйжада америкалык компаниялар жана керектөөчүлөр зыян тартышат.
Ведомство “Вашингтон эл аралык эрежелерди сыйлап, мыйзамсыз аракеттерди токтоосуз токтотушу керек” деп белгиледи. Ошондой эле алар тергөөнүн жүрүшүнө дыкат көз салып, өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык чараларды көрүшөрүн кошумчалашты.
Буга чейин АКШнын азыркы президенти Жо Байдендин администрациясы Кытайдын импортуна кошумча пошлиналарды киргизуу учун Вашингтонго негиз болуп бере ала турган кытайлык эски жарым өткөргүчтөр делгендерге байланыштуу иликтөө башталганын жарыялаганын маалымдаган.
Кеп унааларда, кир жуугуч машиналарда, телекоммуникация жабдууларында жана башка көптөгөн нерселерде колдонулуучу компоненттер жөнүндө болуп жатат.
АКШнын соода өкүлү Кэтрин Тай иликтөө америкалык өндүрүшчүлөрдү коргоого багытталганын айтты.



















