Кыргызстанда электр энергиясынын баасы 2025-жылдын 1-майынан тартып дагы кымбаттайт.
Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 19-декабрда Бишкекте өткөн брифинг учурунда айтты.
Анын айтымына караганда, электр энергиясы 20-23 тыйынга жогорулап, бул баа инфляциянын өсүшүнө жараша жыл сайын 1-майда көтөрүлүп турат. Анткени электр энергиясынын чыгымы азыркы баа менен өзүн актабайт.
Министр «Электр жарыгынын тарифи болжол менен 15-20 пайызга кымбаттайт. Эгер бүгүнкү күндө 700 кВт саатка чейин тариф 1,11 сом болсо, ага 20-23 тыйын кошулат. Бул анча көп деле сумма эмес. Эгерде биз тарифти акырындык менен көтөрбөсөк, караңгылыкта калабыз», – деди.
Анын айтымына караганда, Кыргызстанда ушул тапта 1 кВт саат электр энергиясы 1 сом 11 тыйын. 700 кВт сааттан ашык пайдаланган абоненттер 2 сом 16 тыйын төлөшүүдө.
Электр энергиясынын баасы жыл сайын көтөрүлүп турат
Буга чейин бул баа 2023-жылдын 1-майынан тартып өлкөнүн калкы үчүн электр энергиясынын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзгөн. Ошол мезгилдеги тиешелүү токтомго мурдагы минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Жыйынтыгында электр энергиясын 700 кВт.с жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 2,16 сом/кВт.с. ал эми муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзгөн. Ошондой эле электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалаган калк үчүн тариф 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлгөнү, иштеп жаткан жылуулук жана гидроэлектростанциялар реконструкцияланып, модернизацияланганы айтылган.
Тилекке каршы баасы жыл сайын көтөрүлгөн электр энергетика системасындагы баалар көтөрүлсө, чыгашаларды жабат деген божомолдорду жокко чыгарып, мурдагыдан да оор абалга кептелгени көрүнүп турат.
Буга Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин өзүндө жана айланасын курчаган жаңы конуштардагы электр энергиясынын белгилүү убактысы менен өчүрүлгөнү далил.
Министр айткандай, электр жарыгына кошулган «20-23 тыйын бул анча көп деле сумма эмес».
Бирок, улам барган сайын тарифи кымбаттаган электр жарыгынын баасын эл көтөрө алабы? Маселе ушунда. Анткени мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жеке ишканаларда иштеген жарандардын айлык маянасы инфляциянын себептерине жараша көтөрүлбөй эле бир калыпта кармалып турат.
Расмий органдардын маалыматына караганда, орточо айлык акы 36 000 сомду түзөт. Бул көрсөткүчтү базар баасы менен салыштыра турган болсок, бир үй-бүлө мүчөлөрүн эмес, жеке адамдын бир айлык керектөөлөрүнө жетпей турган сумма экендиги айтпаса да түшүнүктүү.
Анын үстүнө Кыргызстандын экономикалык абалы сырткы миграцияга көз каранды болгондуктан, жарандардын эмгекке жарамдуу бөлүгү Европа мамлекеттерине агылууда. Бирок, Орусия-Украина, Газа-Израиль-Сирия, Грузия жана башка чет мамлекеттердеги геосаясий курч кырдаалдарды эске алганда миграциянын абалы да көңүл жылытарлык абалда эмес.
Анын үстүнө АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп да миграция маселесине байма-бай токтолуп, мигранттарды департациялоону көздөп жатат. Орусия бийлиги болсо мигранттар боюнча бир катар мыйзамдарды иштеп чыгып, Жаңы жылдын башталышы менен күчүнө кирерин эскертүүдө.
Демек, кыргызстандыктар эмгектенип жаткан өлкөлөрдөгү мигранттарга болгон чектөөлөр алар өз үй-бүлөсүнө жөнөтүп жаткан акчанын азайышына таасир берип, электр энергиясы жана башка социалдык төлөмдөрдү жүргүзүүсүндө кыйынчылыктарды жаратары белгилүү.
Буга электр тармагынын кызматкерлери электр станцияларынын тетиктеринин эскиргенин, энергияны колдонуучулар көп экендигин жүйө келтиришип жатышат. Анда электр жарыгы үчүн төлөнүп жаткан каражаттарчы?
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.



















