АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамптын БРИКС өлкөлөрүнө карата коркутуулары бул бирикме дедолларизация багытында ийгиликке жетип жатканын жана анын баалуулуктарын бөлүшкөн өлкөлөр барган сайын көбөйүп жатканын айгинелейт.
Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи билдирди.
“БРИКС өзүнүн баалуулуктарын жана идеалдарын көрсөттү жана аларды дүйнөлүк коомчулукка акырындык менен киргизүүдө. Барган сайын көбүрөөк өлкөлөр БРИКС алдыга койгон максаттарды анын ичинде доллардан арылуу жана АКШ жана америкалык доллар үстөмдүк кылган эл аралык институттарды реформалоону көздөп жатышат. БРИКС муну оңдоону каалайт жана Трамптын ачуусу бирикменин туура максаттарды көздөп жатканын көрсөтүп турат», – деген Аракчинин сөзүн Ислам Республикасынын өкмөтүнүн басма сөз кызматы келтирди.
30-ноябрда Трамп эгер БРИКС өлкөлөрү жаңы валюта түзсө же доллардан баш тартса, анда бирикмеге мүчө өлкөлөрдөн келген товарларга 100% соода бажы салыгын киргизээрин жарыялаган. Анын айтымында, эл аралык соода үчүн доллардын ордун алмаштырууга аракет кылган ар бир өлкө “Америка менен кош айтышат”.
Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Трамптын коркутууларына комментарий берип жатып, эгер АКШ өлкөлөрдү экономикалык басым аркылуу долларды колдонууга мажбурлай турган болсо, анда бул улуттук валюталарга өтүү тенденциясын дагы күчөтөрүн билдирген.
«Доллар бир катар өлкөлөр үчүн резервдик валюта катары өзүнүн жагымдуулугун жогото баштады, бул доллардын жагымдуулугун жоготуу процесси, ал чындап эле уланып, күч алууда», – деген Песков.
Орусиянын президенти Владимир Путин 7-ноябрда Валдайдагы пленардык жыйында сүйлөп жатып, БРИКСтин бирдиктүү валютасы тууралуу айтууга али эрте экенин айткан. Ал бул кадамды биримдикке мүчө өлкөлөрдүн экономикаларынын көбүрөөк интеграциясын жана алардын структуралык окшоштугун талап кылаары менен түшүндүргөн. Путин Орусиянын соода жүгүртүүсүнүн үчтөн экиси улуттук валютада тейленип жатканын, БРИКС өлкөлөрү менен бул көрсөткүч 88%га жеткенин баса белгилеген.
БРИКС тобу 2006-жылы Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай тарабынан түзүлгөн. Түштүк Африка 2011-жылы кошулган. 2024-жылдын 1-январында топко Египет, Иран, БАЭ, Сауд Арабиясы жана Эфиопия мүчө болушкан.
















