Ирландиянын калыстар тобу мурдагы ММА мушкери Конор Макгрегорду 2018-жылы аялды зордуктоого күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу Associated Press билдирди.
Соттун чечимине ылайык, Макгрегор жабырлануучуга 250 миң евро төлөп бериши керек. Макгрегор абакка кесилген жок, анткени иш жарандык сот тартибинде каралып жаткан.
Алгачкы иликтөөнү жүргүзгөн Ирландиянын прокуратурасы кылмыш ишин козгоого далилдер жетишсиз болгондуктан, Макгрегорго айып койбоону чечти.
Маалыматка ылайык, окуя 2018-жылдын декабрь айында болгон. Аялдын айтымында, Макгрегор аны Дублиндеги Beacon мейманканасында зордуктап, сабап салган. Экспертизанын жыйынтыгында аялдын денесинде көгала тактар жана сыйрылган жерлердин издери аныкталган.
Макгрегор өзүнүн күнөөсүз экенин айтты. Анын айтымында, аял менен болгон мамиле анын макулдугу менен болгон.


















