Стамбулдун камактагы оппозициячыл мэри Экрем Имамоглу “мамлекеттик кызматкерди эл алдында мазактады” деген айып менен бир жыл 8 айга абакка кесилди, деп кабарлады Habertürk телеканалы. Ошол эле учурда сот Имамоглунун саясий ишмердигин чектеген жок.
Сот ишине Имамоглунун Стамбулдун башкы прокурору Акин Гюрлектин дарегине айткан сөздөрү жана коркутуулары негиз болгон. Сот отуруму Стамбулга жакын жайгашкан Силиври түрмөсүндө өттү. Ал жерде Имамоглу март айынын аягынан бери башка финансылык мыйзам бузууларга байланышкан иш боюнча камакта отурат. Январь айында берген көрсөтмөсүндө ал сөз эркиндиги укугун пайдаланганын, сөздөрүндө коркутуулар да, чакырыктар да болбогонун билдирген.
“Экрем Имамоглунун Стамбулдун башкы прокурору Акин Гюрлекке каршы айткан коркутуулар боюнча иши боюнча өкүм чыкты. Экрем Имамоглу 1 жыл 8 айга эркинен ажыратылды”, — деп кабарлады телеканал.
Имамоглу 23-марттан бери Силиври түрмөсүндө коррупция айыбы менен камакта отурат. Прокуратуранын экинчи терроризм иши боюнча камакка алуу өтүнүчү канааттандырылган эмес.
Имамоглунун адвокаттары 7-апрелде анын камакка алынганына каршы аппеляция беришкен. Оппозициядагы эң ири партия — Элдик-республикалык партиясынын мүчөсү болгон Имамоглу 2019-жылдан бери Стамбул шаарын жетектеп келген. 2024-жылы өткөн шайлоодо ал бийликтеги партиянын талапкерин дээрлик 12% айырма менен жеңип, кайра шайланган. Элдик-республикалык партиясы мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жана Имамоглуну бошотуу боюнча кол топтоону баштаган.


















