Америкалык Ford автоконцерни 2027-жылдын аягына чейин Германияда 2900 жумуш ордун кыскартууну пландап жатканын билдирди. Негизги сокку Кельндеги заводго тийип, анда жумуш орундарынын төрттөн бирине жакыны кыскарат деп билдирет «Казинформ» BILD агенттигине шилтеме берүү менен.
Мындай чечим компаниянын жеңил унаалар сегментинде чоң жоготуулары, электромобилдерди өндүрүү үчүн кымбат реструктуризациясы жана катаал экологиялык стандарттар менен шартталган. Кырдаалды мамлекеттик субсидиялар аяктагандан кийин электромобилдерге суроо-талаптын кескин төмөндөшү курчутуп жатат.
“Биз Форддун Европадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн татаал, бирок чечкиндүү чараларды көрүүгө аргасызбыз”,- деди Форддун аткаруучу директору Маркус Вассенберг.
Форд электромобилдерди чыгарууну баштоо үчүн Кельндеги заводду модернизациялоого эки миллиард еврого жакын инвестиция салган, бирок компаниянын бул планы аткарылган жок – жаңы моделдердин сатуусу пландалгандан төмөн бойдон калууда.
Финансылык кыйынчылыктардан улам компания менеджерлердин агылып кетишине да туш болду: мисалы, ушул жайда Германиядагы Форддун башчысы Мартин Сандер Volkswagen өтүп кетти.
Буга чейин Volkswagen автоконцерни Германиядагы 10 заводдун үчөөнү жабууну, ошондой эле калгандарынын ишин бир топ кыскартууну пландап жатканы белгилүү болгон. Кошумчалай кетсек, компаниянын башкаруу пландарында айлык акыны кыскартуу жана бүтүндөй бөлүмдөрдү чет өлкөгө аутсорсингге өткөрүү каралган.



















