Россиялыктар колдонулган кытай премиум автоунааларын активдүү сата башташты: былтыр август айынан бери мындай автоунааларды сатуу боюнча жарыялардын саны үч эсе өскөн. Бул тууралуу Известия басылмасы Auto.ru сервисинин маалыматына таянып жазды.
Айрыкча Lixiang үлгүлөрүн саткысы келгендердин саны бир жыл ичинде төрт эсе көбөйгөн. Алардын орточо баасы 5,8–6,3 млн рублди түзүүдө. Tank бренди боюнча сатуу сунуштары үч эсе өскөн, алардын баасы орточо 4,36 млн рубль чегинде кармалууда.
Ошондой эле Zeekr автоунааларын сатуу жарыялары үч эсеге көбөйдү. Эгер бир жыл мурда алардын орточо баасы 5,4 млн рубль болсо, учурда 5,1 млн.го чейин төмөндөгөн. Ал эми электр жана гибрид унаалары Voyah боюнча жарыялардын саны 2,7 эсе көбөйүп, орточо баасы 4,9 млн.дон 4,4 млн. рублга чейин түшкөн.
Жарыялардын саны көбөйгөнү менен бирге сатылып жаткан автоунаалардын орточо жашы да азайды: былтыр августта 2,1 жыл болсо, азыр 1,9 жылга чейин түшкөн.
«Автостат Инфо» маалыматына ылайык, январь—июль айларында Россияда 3038 даана колдонулган Lixiang сатылган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 85,9% көп (1634 унаа). Tank үлгүлөрүнүн сатылышы 191,8%га өскөн (3499 унаа, былтыр — 1199). Zeekr боюнча өсүш 84,4%ды түзгөн (1195ке каршы 648). Ал эми колдонулган Voyah унаалары 1428 даана сатылып, бул өткөн жылга салыштырмалуу 107,6%га көп (648).
Премиум-класстагы кытай унааларын сатуу жарыяларынын кескин көбөйүшү алардын негизинен 2022–2023-жылдары алынганы жана орточо пайдалануу мөөнөтү 2,5–3 жыл экени менен түшүндүрүлөт, — дейт «Авилон» ГКсынын колдонулган автоунаалар боюнча директорунун орун басары Роман Титов.
«Жетиштүү чоң үлүшүн “баш тарткандар” түзөт: мурда европалык же жапон премиум автоунааларына отуруп жүрүп, “кытайга” өткөндөр, бирок акырында ага үйрөнө албай, мурунку деңгээлге жетпегенин түшүнгөндөр. Мындай адамдардын саны канча экенин айтуу кыйын. Арасында сатып алууда жаңылганын мойнуна алгандар көп эмес», — дейт «За рулем» журналынын башкы редактору Максим Кадаков. Бирок анын айтымында, Кытайдын премиум автоунааларын саткандардын көбөйүшүн алардын ээси «моданын үстүндө болуу» максатында унаасын жаңыртууну каалаганы менен да түшүндүрүүгө болот.



















