АКШнын Аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө боюнча улуттук башкармалыгы (NASA) болжол менен 3,870 кызматкерди кыскартып, ошону менен анын жалпы санын 18,000ден 14,000ге чейин кыскарта турганын жарыялады.
Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Шерил Уорнер жума күнү ТАСС агенттигине билдирген.
Анын билдирүүсүө караганда, “NASA” натыйжалуулукту оптималдаштыруу жана жогорулатуу зарылчылыгы ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кылууну көздөйт.
Уорнер келтирген маалыматтарга ылайык, агенттиктин 3870ке жакын кызматкери, башкача айтканда жалпы кызматкерлеринин санынын 21%ы эки штатты кыскартуу программасына катышууга макул болушкан.
Ал эми npr.org агенттиги NASAнын кызматкерлери Трамптын администрациясынын кийинкиге калтырылган пенсия программасы аркылуу космостук агенттиктен кетүүнү чечти деп жазды.
“Жабылган программанын экинчи айлампасында 3,000 кызматкер агенттиктен кетүүнү өтүнгөн”, – деди Уорнер.
Кошумчалай кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы буга чейин бир катар департаменттерде массалык кыскартууларды баштаган.


















