Сауд Аравиянын борбору Эр-Риядда өткөн Экинчи биргелешкен араб-ислам саммитине катышкан өлкөлөрдүн лидерлери сионисттик режимдин кылмыштарына, өзгөчө Иран Ислам Республикасына жасаган чабуулуна каршы абдан катуу позициясын билдиришти. Биздин оюбузча, бул саммит абдан ийгиликтүү өттү.
Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министри Аббас Аракчи министрлер кабинетинин жыйынынын алкагында журналисттерге билдирди.
“Эр-Рияддагы саммит ислам жана араб өлкөлөрүнүн башчыларынын экинчи биргелешкен саммити болду. Бул жыйында Палестина жана Ливан көйгөйү жана сионисттик режимдин кылмыштары боюнча 38 пункттан турган резолюция кабыл алынды”,-деди Ирандын тышкы иштер министрлигинин башчысы.
Ошондой эле Аракчи Иран-АКШ талаштарынын чыгымдарын азайтууга жетишүү керектигин белгилеп, Иран менен Американын ортосунда дайыма байланыш каналдары бар экенин айтты.
“Кээде Америка менен болгон пикир келишпестиктерибиз абдан принципиалдуу жана чечилбей калышы мүмкүн, бирок чыгымдарды жана чыңалууну азайтуу үчүн аларды башкаруу керек. Биз америкалык бийликтердин билдирүүлөрү биз үчүн маанилүү эмес экенин бир нече жолу айтканбыз. Алардын иш-аракеттери маанилүү”, – деп жыйынтыктады министр.
11-ноябрда Саудиянын борбору Эр-Риядда Газа тилкесиндеги жана Ливандагы кырдаал боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу үчүн 50 өлкөнүн лидерлери жана өкүлдөрүнүн катышуусунда кезексиз араб-ислам саммити өткөн. Саммиттин катышуучулары жыйынтыктоочу билдирүү кабыл алышып, Газадагы жана Ливандагы чыр-чатактар боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгышкан.
Ушундай эле саммит бир жыл мурда Израиль Палестинанын Газа тилкесинде аскердик операцияларын баштагандан кийин Падышалыкта өткөн. Натыйжада эл аралык аренада Палестина маселесин талкуулоо үчүн араб жана ислам өлкөлөрүнүн министрлер тобу түзүлгөн.


















