Түркияга БРИКСтин өнөктөш өлкөсү болуу сунушу түшкөнүн республиканын соода министри Омер Болат tvnet телеканалына берген маегинде билдирди.
«Түркияга БРИКСте өнөктөш өлкө болуу сунушталды, бул өткөөл процесс»,- деди ал.
Болат белгилегендей, биримдикке кирүү республикага олуттуу пайда алып келет, анткени ал бардык маанилүү дүйнөлүк платформалар менен кызматташууга мүмкүндүк берет.
БРИКСке өнөктөш өлкө катары кошулууга Таиланд да чакыруу алганын орус ЖМКлары жазышты.
Буга чейин ноябрдын башында Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Түркиянын БРИКС менен жакындашууга болгон кызыгуусун кубаттарын, бирок Анкаранын уюмдун ишине катышуу параметрлери боюнча чечим башка нерселер менен катар анын мүчөлөрүнүн консенсусунун негизинде кабыл алынарын билдирген.
22-24-октябрда Казанда өткөн БРИКСтин саммитинен кийин РФ президенти Владимир Путин биримдикке өнөктөш өлкөлөрдүн тизмеси макулдашылганын билдирген. Бирок алардын толук тизмеси аталган эмес. Орус лидери алгач бул мамлекеттерге чакыруулар жөнөтүлүп, оң жооп келгенде бул тизмеде ким бар экени белгилүү болорун түшүндүргөн.
БРИКС 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Орусия 2024-жылдын 1-январынан бери БРИКСке төрагалык кылууда. Жыл биримдикке жаңы мүчөлөрдүн кириши менен башталды – Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африкадан тышкары азыр ага Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабия кирет.



















