БРИКСке мүчө мамлекеттер жарандык жана тынчтык максатындагы ядролук инфраструктурага жасалган чабуулдардын кадимки көрүнүш катары кабыл алынышына каршы күрөшүшү керек. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан БРИКС саммитинде билдирди.
«БРИКСтин алкагында жарандык жана жашоо үчүн маанилүү инфраструктураларга жасалган чабуулдардын нормалдашуусуна каршы күрөшүшүбүз керек. Бул тынчтык максатындагы өзөктүк инфраструктурага да тиешелүү», — деген Пезешкиандын сөздөрүн Tasnim агенттиги келтирди.
Ирандын президенти ошондой эле Палестина-Израиль жаңжалына токтолуп, БРИКС Палестина үчүн адилеттиктин үнү болуп, Израилдин Палестина элине карата агрессиясын токтотууда натыйжалуу роль ойношу керектигин белгиледи.
Пезешкиандын айтымында, Иран БРИКСтин ишмердигинин үч негизги багытын колдойт. Алар — БУУнун Уставынын негизинде саясий координацияны күчөтүү, монополиялык каражаттардан көз карандысыз экономикалык жана финансылык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле Глобалдык Түштүктүн кызыкчылыгы үчүн илим, технология, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү
БРИКСтин алкагында кабыл алынган чечимдердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана аларды ишке ашырууну тездетүү маселесине токтолгон Пезешкиан бир тараптуу санкцияларга каршы туруу, атаандаштыкты кызматташтыкка айландыруу жана уюмдун туруктуу катчылыгын түзүү сыяктуу чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
БРИКСтин 18-саммити 12–13-сентябрда Индиянын Нью-Дели шаарындагы «Бхарат Мандапам» комплексинде өттү.



















