Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы байланыштарды жана өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү үчүн жаңы жол ачылды.
Бул тууралуу Ирандын биринчи вице-президент Мохаммад Реза Ареф Саудиянын мураскор ханзаадасы Мухаммад бен Салманга кайрылып жатып билдирди.
Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф Ислам Кызматташтык Уюму-Араб мамлекеттери лигасынын Израиль режиминин агрессиясын айыптоо боюнча чукул саммитине катышуу үчүн Эр-Риядга барган.
11-13-ноябрда Эр-Риядда Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кезексиз Ислам саммити өттү. Саммитте Палестина жана Түштүк Ливан, ошондой эле жалпы эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы кырдаал талкууланды.
Достук маанайда өткөн бул жолугушууда Ареф өлкө президенти Масуд Пезешкиандын саламын жолдоп, Саудиянын мураскор ханзаадасын Иранга сапар менен келип кетүүгө чакырды.
“Аймак өлкөлөрү бирдиктүү жана чечкиндүү позицияны ээлеп, Газадагы геноциддин уланып кетпеши жана Израиль режиминин аймактагы агрессиясынын кеңейишине жол бербөө үчүн координацияланган аракеттерди көрүшү керек”, – деди Ирандын Биринчи вице-президенти.
Анын айтымында, Израиль жана анын колдоочулары сыяктуу душмандар Иран менен Сауд Аравиянын ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерине тоскоолдук кылышы мүмкүн болсо да, Тегеран менен Эр-Рияд бул мамилелерди эки өлкөнүн эли, ошондой эле аймак жана бүткүл ислам дүйнөсү үчүн маанилүү жана зарыл деп эсептейт жана тыгыз, ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү чыдамсыздык менен күтөт.
Белгилей кетсек, жакында эле Сауд Аравиянын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын начальниги Файяд аль-Рувайли сапары менен Иранга барган. Сапардын алкагында ал Тегеран шаарында Ирандын Башкы штабынын башчысы генерал-майор Мохаммад Багери менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Тараптар түрдүү маселелерди, анын ичинде коргонуу дипломатиясын өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүшкөн.
Эске салсак, 2023-жылдын март айынын башында Иран менен Сауд Аравия Кытайдын ортомчулугу менен жети жыл мурда үзүлгөн дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүүнү макулдашып, элчиликтерин кайрадан ачышкан.



















