Орусияда орус тилин билбеген мигрант балдарды мектепке киргизүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Мамлекеттик Дума тиешелүү токтомдун долбоорун даярдап жатат, деп билдирди палатанын спикери Вячеслав Володин.
«Токтомдун алкагында эмгек миграциясы боюнча өкмөткө, ошондой эле мигранттар менен келген үй-бүлөлөргө сунуштарды жөнөтөбүз. Ыйгарым укуктуу органдардын компетенциясынын алкагында комплекстүү чечимдерди иштеп чыгууну сунуштайбыз», – деди ал.
Депутаттар токтом долбоорун 20-ноябрда карайт.
Ошондой эле балдарды мектепке кабыл алууда чет өлкөлүк жарандардын Орусиянын аймагында жүрүүсүнүн мыйзамдуулугун милдеттүү түрдө текшерүүнү белгилөө пландалууда.
Орусияда Борбор Азиядан келген мигранттар шектелген Crocus City Hall имаратында болгон теракт миграцияга каршы маанайлардын толкунун жаратты. Маселен, Орусиянын аэропортторунда мигранттар үчүн чек ара көзөмөлү күчөтүлдү.
Ошондой эле, 2025-жылдан тарта Орусия мыйзамсыз мигранттарды аныктоо үчүн көзөмөлгө алынган адамдардын реестрин ишке киргизүүнү пландоодо.
Миграциялык саясаттын катаалданышын Орусия Федерациясынан чет өлкөлүк жарандарды депортациялоо фактыларынын 50%га көбөйгөндүгү да далилдеп турат.
Натыйжада бир жылдын ичинде эки миллиондон ашык мигрант өлкөдөн чыгып кеткен. Сентябрь айына карата Орусия Федерациясында 6,2 миллион чет элдик жаран катталган, былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүч 8,5 миллионго жеткен.
Ошол эле учурда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров буга чейин Орусия Федерациясындагы миграциялык саясаттын катаалданышын “инквизиция” деп атаган.




















