Бразилиянын президенти Луис Инасиу Лула да Силва башынан жаракат алганына байланыштуу Казанда (Орусия Федерациясы) 22-24-октябрга чейин өтө турган БРИКСтин саммитине катышпай турганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Казанга бир күн мурун жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дө учуп кетиши керек болчу. Бирок 19-октябрда резиденциясынын дааратканасына кулап түшүп, башынын аркасынан алган жаракатынан улам анын саммитке катышуусу видеобайланыш аркылуу болот.
Медициналык корутундуга ылайык, президентке алыскы каттамдарга чыкпоо сунушталган, бирок өз милдеттерин аткара алат.
БРИКС саммитине Бразилиянын делегациясын президенттин ордуна тышкы иштер министри Мауро Виейра жетектейт.


















