Кубадагы Антонио Гутьерас атындагы ЖЭБ күтүүсүз токтоп калгандан кийин электр энергиясы толугу менен өчүрүлдү.
Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика жана тоо-кен министрлиги X социалдык тармагында билдирди, деп маалымдайт Gazeta.Ru.
Жылуулук электр борборундагы авария жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө болуп, андан кийин Улуттук электр энергия системасы толук өчүрүлгөнү айтылат.
«Электр бирикмеси аны калыбына келтирүүнүн үстүндө иштеп жатат», – деп белгиледи министрлик.
Өлкөнүн президенти Мигель Диас-Канел Бермудес өзүнүн X баракчасында республиканын жетекчилиги өлкө үчүн бул өтө маанилүү көйгөйдү тез арада чечүү зарыл деп эсептейт деп белгиледи.
Бир күн мурда ал премьер-министр Мануэль Марреро Крузга энергетикадагы өзгөчө кырдаал тууралуу тургундарга маалымат берүүнү тапшырып, бул көйгөйлөрдүн негизги себеби күйүүчү май жана башка керектүү ресурстарды ташып келүүнү кыйындаткан АКШнын санкциялары экенин белгиледи.



















