Трамп Кубага мунай жеткирген өлкөлөргө бажы төлөмдөрү тууралуу жарлыкка кол койду.
АКШ Куба тарабынан улуттук коопсуздукка коркунуч бар деген жүйө менен өзгөчө кырдаал режимин киргизди. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп кол койгон жарлыкта айтылат. Документ Ак үй тарабынан жарыяланды.
Мындан тышкары, эми АКШ Кубага түз же кыйыр түрдө мунай жеткирген каалаган өлкөдөн импорттолгон товарларга кошумча бажы төлөмдөрүн киргизе алат.
Бул чечимди республикачыл президент Куба өкмөтү «өзгөчө чараларды» көрүп, алар АКШга зыян келтирип, коркунуч жаратат деп негиздеди. Документте Кубанын бийлиги АКШга кастык мамиледеги мамлекеттер жана уюмдар менен кызматташып жатканы айтылат. Алардын катарында Орусия, Кытай, Иран, ошондой эле ХАМАС жана «Хезболла» аталат.
«Улуттук өзгөчө кырдаалды чечүү үчүн <…> төмөндө сүрөттөлгөн тарифтик системаны киргизүүнү зарыл жана максатка ылайык деп эсептейм. Бул система боюнча Кубага түз же кыйыр түрдө мунай саткан же башка жол менен жеткирген чет мамлекеттин продукциясы болгон товарлардын импортуна кошумча адвалордук бажы төлөм алынуусу мүмкүн», — деп жазган Трамп.
Адвалордук бажы төлөм — бул товарларды импорттоодо же экспорттоодо алынуучу салык болуп, ал товардын наркынын пайыздык үлүшү катары эсептелет. Бул милдеттүү төлөмдөрдүн эң кеңири тараган түрү болуп саналат.
Трамп мунай блокадасы аркылуу Кубада бийликти алмаштыра алабы?
Акыркы мезгилде Трамптын администрациясы Кубанын экономикасындагы оор кырдаалга таянып, аралдагы бийликтин жакын арада кыйрай турганын айтып келет. Ошондой эле Вашингтон Кубада режимдин алмашуусун көргүсү келерин ачык билдирүүдө.
Ак үйдүн риторикасы Венесуэладагы аскердик операциядан кийин кескин катууланды. Ал операциянын жүрүшүндө америкалыктар өлкөдөн президент Николас Мадурону жана анын жубайын алып чыгышкан. Трамп Вашингтон Венесуэлада бийлик алмашканга чейин өлкөнү өзү башкарарын билдирген.
Politico басылмасынын маалыматына ылайык, Вашингтондо талкууланып жаткан чаралардын арасында Кубага мунай жеткирүүгө толук блокада коюу да бар. Kpler аналитикалык компаниясынын эксперттеринин баалоосуна караганда, азыркы керектөө деңгээлинде Кубадагы мунай запастары 15–20 күнгө гана жетет.



















