Куба өзүнүн экономикалык жана саясий системасындагы өзгөрүүлөрдү талкуулоого жана АКШ менен сүйлөшүүлөрдү улантууга даяр экенин жарыялайт, бирок Вашингтон жакшы ниет менен иш алып барат деп эсептебейт.
Кубанын БУУдагы элчиси Эрнесто Соберон Гузман бул тууралуу The New York Times (NYT) гезитине берген маегинде билдирди.
“Куба АКШ менен бардык маселелерди талкуулоого даяр. Биздин сүйлөшүүлөрдө тыюу салынган темалар жок — баары өз ара түшүнүшүү жана тең укуктуулукка негизделген. (…) Албетте, “Биз Кубаны өз көзөмөлүбүзгө алууга даярбыз” сыяктуу билдирүүлөр диалог жана ишеним атмосферасына салым кошпойт”, – деди ал.
Дипломат Кошмо Штаттардын агрессивдүү риторикасы жана кысымы пикир келишпестиктерди чечүүгө өбөлгө түзбөй, кырдаалды татаалдаштырып жатканын белгиледи. Ал Куба бийлиги президент Дональд Трамптын администрациясынын кысымы күчөп жатканына карабастан, Вашингтон менен тынчтыкка жана кызматташууга даярдыгын көрсөтүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.


















