Кубанын куралдуу күчтөрү АКШнын мүмкүн болгон агрессиясына даярданып жатышат, ал эми Гавана Вашингтон кол салбайт деп үмүттөнөт.
Бул тууралуу Республиканын тышкы иштер министринин орун басары Карлос Фернандес де Коссио билдирди.
“Биздин аскерлер ар дайым даяр; чындыгында, алар акыркы күндөрү аскердик агрессия мүмкүнчүлүгүнө даярданып жатышат. Дүйнөдө болуп жаткан окуяларды эске алганда, биз андай кылбасак, бейкапар болмокпуз. Биз чындап эле бул (агрессия – ред.) болбойт деп үмүттөнөбүз”, – деди ал NBC News каналына берген маегинде.















