Бишкекте Борбордук Азия өлкөлөрүнүн орус-кытай интеграциясынын чакырыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого арналган “ЕАЭБ жана “Бир алкак – бир жол” концепциясы: жалпы негиз” аттуу тегерек столго алдыңкы улуттук эксперттер катышты. Иш чара Батыштын санкцияларынын контекстинде геосаясий жана геоэкономикалык системаны талкуулоого арналды.
Иш-чара Евразиянын стратегиялык изилдөөлөр борбору жана «Караван-Инфо» маалымат агенттиги (https://caravan-info.kg/) тарабынан уюштурулуп, республикада жаңы маалыматтык ресурстун ишке киришинин бет ачарына да арналды.
Анда эксперттер жана өкмөт өкүлдөрү Россия жана Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө басым жасоо менен санкциялардын Борбор Азиянын экономикалык өнүгүүсүнө тийгизген таасирин жана туруктуу өнүгүүнүн альтернативдүү жолдорун издөөнү талкуулашты.

Саясат таануучу Зайырбек Эргешов белгилегендей, Борбор Азия чөлкөмү туруктуу өнүгүп жаткан аймактардын бири.
«Буга байланыштуу Кыргызстан ЕАЭБ алкагында өнүгүүсүн улантууга тийиш. Борбордук Азиянын ЕАЭБ алкагында Кытай менен өз ара аракеттенүүсү соода-экономикалык, гуманитардык жана маданий аспектилердеги кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет», — деп комментарий берди ал.
Анын айтымында, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү үчүн коңшу мамлекеттер – Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен достук мамиле керек. «Экономика качан өнүгөт? Туруктуулук жана эч кандай коркунуч жок болгондо. Биз аймакта узак мөөнөттүү, позитивдүү тынчтыкты курушубуз керек», – деп баса белгиледи ал.

Саясат таануучу Марс Сариева белгилегендей, биздин мамлекет бир уюлдук позицияны кармай албайт, ошондуктан көп векторлуу саясат менен иштөөгө аракет кылат.
«Бирок негизги стратегиялык вектор дагы эле Орусия жана КМШ мейкиндиги бойдон калууда. Ошол эле учурда Кытай, Түрк биримдиги, Европа өлкөлөрү да четте калган жок», – деди ал.
Тегерек столдо ошондой эле ар кандай улуттук долбоорлордун келечеги, анын ичинде Евразиялык транспорттук базаны түзүүнүн алкагында “Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан” темир жолунун курулушу талкууланды.

«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев бул долбоор өлкөнүн темир жолунун мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтет деп белгиледи.
«Бир жылдык жүк ташуу көлөмү 15 миллион тоннага жетет деп күтүлүүдө жана акыркы керектөөчүлөргө товарларды жеткирүү мөөнөтү жети күнгө кыскарат. Кошумчалай кетсек, учурда Кыргызстандын аймагында 420 чакырым темир жол бар болсо, аларга дагы 300 чакырым кошулат. Бул «Кыргыз темир жолу» ишканасында жумушчу орундардын санын көбөйтүп, чоң жүктөрдү алыскы аралыктарга арзан жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт»,- деди Р. Жумабаев.


















