Кезексиз жыйында Япониянын өкмөтү парламентти таркатууну чечти.
Бул тууралуу Киодо агенттиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, документке министрлер кабинетинин бардык мүчөлөрү кол коюшту. Андан кийин парламентте Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба менен оппозициялык партиялардын башчыларынын ортосунда дебат болоору күтүлүүдө. Дебат талап кылынган 45 мүнөттүн ордуна 80 мүнөткө созулат.
Андан кийин саат 15:30да палатанын жыйынында анын таркагандыгы жөнүндө жарыяланат: палатанын төрагасы Фукусиро Нукага өкмөттүн башкы катчысы Ёсимаса Хаяши тапшырган таркатуу жөнүндө жарлыкты окуйт.
















