Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында президент Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Садыр Жапаров Рим Папасы Францисктин дүйнөнүн ар кайсы бурчтарында чыр-чатактарды чечүүгө жана адилеттүүлүктү орнотууга кошкон жеке чоң салымын айтып өттү.

Президент Кыргызстан ондогон этникалык топтордун өкүлдөрү тынчтыкта жана ынтымакта жашаган светтик көп улуттуу мамлекет экенин баса белгиледи.
“Мамлекет дин тутуу эркиндигин кепилдейт жана дин тутуп, сыйынуусуна кийлигишпейт. Өлкөнүн бардык диний жамааттары биздин коомдун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана анын өнүгүшүндө маанилүү ролду ойнойт”, – деди мамлекет башчысы.
Ал ошондой эле Кыргызстандын салттуу баалуулуктарынын бири дайыма толеранттуулук жана маданий көп түрдүүлүктү урматтоо болуп келгенин, руханий-адеп-ахлактык принциптер тарых бою кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойногонун белгиледи.
Рим Папасы Франциск да Кыргызстандын көп улуттуу жана көп конфессиялуу коомду колдоо аракетин жогору баалап, бул баалуулуктарды сактоо боюнча иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Баарлашуунун аягында президент Садыр Жапаров Рим Папасы Францискти анын өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.
















