Ирандын президенти Масуд Пезешкиан 2-октябрда президенттик кызматка киришкенден кийин Катарга биринчи расмий сапары менен келди.
Жогорку даражалуу экономикалык жана саясий делегацияны баштаган Пезешкиан Дохага Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушууга жана 3-октябрга белгиленген Азия кызматташтык диалогунун үчүнчү саммитине катышуу үчүн барган. Учурда бул уюмга Иран төрагалык кылууда.
Иран президентин Доха аэропортунан Мохаммед бин Абдулрахман бин Джассим Аль Тани тосуп алып, андан соң “Амири Диван” комплексинде расмий тосуп алуу аземи болду.
Ошол эле күнү кечинде Пезешкианды Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кабыл алды.

Иран Ислам Республикасы менен Катардын жогорку даражалуу делегацияларынын катышуусунда өткөн жолугушууда Ирандын президенти менен Катардын эмири эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жакшы деп сыпаттап, кеңейип жаткандыгын белгилешти.

Кол коюлган документтер
Сапардын алкагында Ислам Республикасы менен Катардын жогорку даражалуу өкүлдөрү экономикалык жана соода, маданий, билим берүү жана спорт тармактарында кызматташуу боюнча 6 документке жана өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

- Дайер портун өнүктүрүү долбоору боюнча кызматташуу;
- эки өлкөнүн саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан коргоо жаатындагы кызматташуусун бекемдөө;
- соода-экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү;
- 2026-жылдын аягына чейин маданий кызматташтыкты ошондой эле спорттук иш-чараларды ишке ашыруу программасы;
- Иран менен Катардын энергетика, тышкы иштер, спорт министрлери тарабынан кол коюлган эң маанилүү кызматташуу документтери катары.















