Башкырстандын борбору Уфа шаарында Россиянын Борбордук дин башкармалыгынын 235 жылдыгына жана Үй-бүлө жылына арналган “Исламдын идеалдары жана баалуулуктары” XV эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.
Аталган иш-чарага РФ Борбордук дин башкармалыгынын чакыруусу менен барып катышып, азыркы учурда ислам дүйнөсү туш келген чакырыктардын тегерегинде кызыктуу докладдарды уктум.
Шейх-уль-Ислам, РФ Борбордук дин башкармалыгынын төрагасы, жогорку муфтий Талгат Сафа Таджуддин абдан жакшы сөз сүйлөдү. Анын айтымында, бүгүнкү күндө Батыш биздин өлкөлөрдүн салттуу баалуулуктарын бузуунун үстүндө жырткычтардай чабуул-аракетин ишке ашыра баштады. “Украин жергесинде орун алган окуяларды эки боордош элдин гана кагылышы катары карабаш керек. Фашизмди кайра орнотуу аракети болуп атат. Салттуу нравалык баалулуктарды талкалоого буйрук берилген.
Нравалык идеалдарды жок кылышмакчы. Бул чындык менен жалгандын кагылышы, эгер жеңилип калсак, келечектен үмүт жок”- деди ал. Муфтий Палестин элине карата кыргынды айыптап, согуш отун ушу замат токтотууну талап кылды. Дүйнө элин Палестин өлкөсүн колдоого алууга чакырды.
Башкырстандын башчысы Радий Хабиров, Москвадагы Ислам маданиятын колдоо фондунун башчысы Михаил Грязнов, Россия ислам университетинин профессору Ассади Абдуразаков, Тунистеги “Аз-зайтун” университетинин вице-ректору Ризкы Мохамед үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, Исламдын коомдогу ролу жөнүндө олуттуу сөз кылышты. Сөз сүйлөгөндөрдүн арасында Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров дагы болду, өзгөчөлүгү – өз сөзүн нукура кыргыз тилинде сүйлөгөнү болду.
Ислам дүйнөсүнө карата коркунуч күн тартибинде. Ирак, Сирия, Ливан, Палестина ж.б. өлкөлөрдө болуп жаткан окуялар буга далил. Ошондуктан, ислам коомчулугу бул коркунучка биримдикте гана туруштук бере алабыз – башкы жыйынтык ушундай…
Нургазы Анаркулов






















